Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Баткен облусуЛейлек району 26.08.2019 10:35 На русском

Лейлектеги чек арада чыккан чырда жабыркаган милиционер дарыланып жатат

Turmush -  24-августта Лейлек районунун Арка айылындагы кыргыз-тажик жарандарынын ортосундагы пикир келишпестикте жабыркаган милиционер Кулунду жалпы дарыгерлер практикалык борборунда дарыланууда.

Мекеменин директору Кубат Абдумановдун айтымында, Жаңы-Жер айылдык милициянын участкалык тескөөчүсү Нурбек Жоробаев аларга 24-ноябрда саат 19:50 чамасында алынып келген. Анын мээси чайкалып, сол таманынан, мойнунан жаракат алган. Учурда абалы туруктуу.
Нурбек Жоробаевдин айтымында, ага тажик жарандары кол салган.

«Мага телефон чалуу болду. Себеби мен ошол аймакты карайм. Барсам тажик жарандары биздин аймакка басып киришиптир. Алар кыргыз жаранынын куруп жаткан дубалын бузуп жатышыптыр. Мен алдына чыгып токтотууга аракет кылсам бирөөсү колумдагы телефонду жулуп качты. Мен артынан чуркап, аны кармадым. Анан ошол жердеги тажик жарандары мени жерге жаткырып тепкилеп, өздөрүнүн аймагына (Тажикстанга) алып кирип кетти. Телефондорум ошол жакта калды», - деди ал.

Ал эми Баткен ОИИБ бул факт боюнча бийлик өкүлүнө күч колдонуу беренеси менен кылмыш иш козголгонун билдирди.

Окуя тууралуу:

24-августта Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка айылындагы чек арада кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда чыр чыкканы кабарланган.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, окуя саат 16:30 чамасында кыргыз тараптын май куюучу жайында болгон. Май куюучу жайдын четин дубал менен тосуу иштери жүрүп жаткан учурда 20га жакын тажик жарандары келип, аны бузууну талап кылышкан. Пикир келишпестик учурунда тажикстандыктар өздөрүнүн аймагына кыргыз тараптын аймактык милиционерин сүйрөп кирип кетишкен. Абалды тынчтандыруу үчүн кыргыз тараптан асманга ок атылган. Тажик тарап милиционерди 15-20 мүнөттөн кийин өткөрүп беришкен болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×