Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 17.08.2019 13:01 На русском

«Бир ай мурун үйлөнгөн»: Айтта целлофан баштык менен муунуп алган Нурлан

Turmush -  9-августта Каракол шаарынын Восход кичи районунда бакка асынып каза болгон адамдын өздүгү такталып, сөөгү жакындарына берилди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маркум К.Нурбек Жети-Өгүз районунун Ичке-Булуң айылында 1987-жылы төрөлгөн.

«Маркумдун сөөгү өлүкканага жеткирилип, соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлгөн. Ошондой эле өздүгүн тактоо үчүн милиция тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүрүп, үй-бүлөсүнө кабар айтылды. Кечээ жакындары, достору маркумду таанып, сөөктү алып кетишти. Нурбектин жакындары ал бир ай мурда үйлөнүп, көп узабай жаштар эки жолдо түшкөнүн, акыркы убакта спирт ичимдигин да ичип жүргөнүн айтышты. Өз өмүрүнө кол салуунун себеби такталып жатат», - деп билдиришти милициядан.

Маркум үй-бүлөдө беш бир туугандын экинчиси болгон. Жакындары бүгүн, 17-августта өз үйүндө акыркы сапарга узатууда.

Буга чейин Каракол шаарында целлофан баштык менен муунуп алган маркумдун жакындары изделип жаткан.
Жансыз дене 10-августта кечки маал Каракол шаарынын Восход кичи районунда табылган.

«Маркумдун асынып турган денесин тургундар 11-август күнү айт намазга бара жатканда көрүшкөн. Алар дароо милиция кызматына кабарлашкан. Тергөөчү бизге эртең мененки саат 8:00дө маалымдады. Мен кондоминиумдун башчысы катары WhatsApp аркылуу жашоочуларга кабар бердим. Жашоочулар маркумду тааныбай турганын айтышты. Биздин оюбузча маркум башка жердин тургуну», - деген Восход кичи районунун кондоминиумунун аткаруучу жетекчиси Элмира Асанкадырова.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×