Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Баткен облусуБаткен району 14.08.2019 10:42

Бүгүн тоолуу райондордо мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн

Turmush -  Бүгүн, 14-августта күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кээ бир тоо этектеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

14-15-августта жана 16-августта түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. 15-августта күндүз жана 16-августта түнкүсүн бийик тоолуу райондордо жамгыр карга айланышы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши ыктымал. Абанын күндүзгү температурасы кескин төмөндөйт. Тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×