Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Баткен облусу, Баткен 09.08.2019 17:37

Баткен шаарында 140 орундуу бала бакча курулуп жатат

Turmush -  Баткен шаарындагы бала бакча көйгөйлөрүн чечүү максатында 140 орундуу бала бакчанын имараты курулуп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, мекеме үчүн 44 млн сом бөлүнгөн. Курулуш иштери ушул жылдын аягына чейин толугу менен бүтөт. Учурда Баткен шаарында жалпы 1200дөн ашуун наристе бала бакчаларда тарбияланууда. Баткен шаары боюнча 4 мамлекеттик жана жеке менчик 7 бала бакча иштеп жатат. Ошондой болсо да калаада бала бакчаларга болгон муктаждык күч. Буга калктын санынын өскөнү жана союз учурундагы бала бакчалардын имараттары башкаларга берилип кеткендиги себеп болгон. Жалпысынан шаар боюнча балдардын 59%ы бала бакчаларга тартылган.

«Мамлекеттик 4 бала бакчанын экөө типтүү, экөө ыңгайлаштырылган мекеме. Типтүү бала бакчалар 140 орундуу болсо, бүгүнкү күндө 300дөн ашуун бала тарбияланууда», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×