Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Баткен облусуЛейлек району 05.08.2019 16:37

Лейлектин Катраң айылдык жайыт комитети эккен арпалар жыйналып жатат

Turmush -  Лейлек районунун Катраң айылдык жайыт комитети 20 гектарга эккен кылкандуу дан эгиндерин жыйноо иштери жүрүп жатат.

Жайыт комитетинин «Ынтымак» үрөн чарбасынын жетекчиси Кумарбай Туратовдун айтымында, өткөн жылы Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында үрөн чарба түзүлгөн. Эл аралык уюмдардын колдоосу менен 20 гектар аянтка кылкандуу дан эгиндери эгилген. Учурда арпаны оруу иштери кызуу жүрүүдө.

10 жыл мурда түзүлгөн жайыт комитетинин башчысы Убайдулла Амировдун айтымында, аймакта малдын саны жылдан-жылга өсүүдө. Андыктан жайыттарды которуу жана аларды туура пайдалануу маселеси курч бойдон турат. Абалдан чыгуу максатында жайыт комитети токой чарбасына тиешелүү 50 миң гектар жайытты ижарага алууну пландап жатат.

Ага катар эле комитет өткөн жылы АРИС аркылуу жол оңдоо үчүн атайын техника алган. Анын жардамы менен жайыттарга баруучу жолдордун 17 км оңдоп чыккан. Ушул жылдын аягына чейин дагы 15 км жол оңдолот.

«Жайыт комитети уюшулгандан бери бир топ жумуштар женилдеп, пайдалуу жактарын сезе баштадык. Малыбызды тоого айдаганда суу жок кыйналчубуз. Азыр ошол жактарга суу ноолорун чыгарып берип, бул көйгөй чечилди. Ал эми буга чейин кыйынчылык менен жайыттарга каттачубуз. Азыр ошол жактарга көпүрө салышты. Менин билишимче 4 көпүрө салынды», - деди айыл тургуну Муса Султанов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×