Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Баткен облусу, Айдаркен 02.08.2019 15:00

Баткенде чет өлкөгө 24 миң даана чырак алып өтүүгө аракет кылган жигиттер кармалды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Баткендин Айдаркен шаарындагы чек арачылар Кыргызстандан Өзбекстанга аткезчилик жүк алып өтүүгө аракет кылган адамдарды кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын 1991-жылы туулган жараны А.М. менен 1990-жылы туулган жараны И.Д. чек ара бекетинен башка аймактан Өзбекстанга 24 миң даана чырак (лампа) алып өтүүгө аракет кылышкан. Бирок алар чек арачылар тарабынан кармалды.

Алардын жанында жалпы баасы 240 миң сомдон ашкан чырактарга тиешелүү документтер болгон эмес. Кармалган адамдар жүк менен кошо Бажы кызматынын өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×