Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Баткен облусуКадамжай району 01.08.2019 19:10 На русском

Кадамжайда баңгизат менен «чайлап» отурган эркектер кармалды. Сүрөт

Turmush -  Кадамжай районунда маң зат менен кармалган 2 шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, буга байланыштуу факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 267-берененин 1-бөлүмүнүн (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын анологдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, ташуу, жөнөтүү, берип жиберүү, ошого тете мыйзамсыз өндүрүү же сатып өткөрүү) негизинде катталган. Кадамжай РИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө 27-июль күнү Кара-Дөбө айылында жайгашкан чайканалардын биринде Ноокат районунун 27 жаштагы тургуну, Кызыл-Кыя шаарынын 3 тургуну жана А.Масалиев айыл аймагынын тургуну наркотикалык зат пайдаланып жаткан учурда кармалышкан. Текшерүү жүргүзүлүп, И.П. аттуу тургундун кийип турган шымынын оң чөнтөгүнөн өзгөчө жыты бар зат алынган. Тергөөнүн жүрүшүндө алынган затты Ноокат районунун 27 жаштагы тургуну сатуу үчүн алып келип, баңгизаттын сапатын текшерүү үчүн чегишкени жана мурда И.П.нын соттолуп чыккан маалым болгон.

Дайындалган экспертизалардын жыйынтыгында А.Масалиев айыл аймагынын 47 жаштагы тургуну И.П.нын чөнтөгүнөн чыккан жалпы салмагы 11,7 грамм зат гашиш экени аныкталган.

Ноокат районунун 27 жаштагы жана А.Масалиев айыл аймагынын 47 жаштагы тургундары убактылуу кармоо жайга киргизилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×