Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 01.08.2019 12:04

Кызыл-Кыяда сарай жана 1 тонна отун күйүп кетти

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Лейлек районунун Көк-Таш айылында короодон өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, аянты 18 чарчы метр бастырма толугу менен жана 550 түк чөп күйгөн. Кырсык балдардын от менен болгон шоктугунан улам чыккан.

Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылында жалпы аянты 60 чарчы мерт болгон сарай толугу менен жана 1 тонна отун күйүп кетти. Кырсык отко этиятсыз мамиле кылуудан улам келип чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×