Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Баткен облусу, Баткен 01.08.2019 23:17

Айыл турмушу: Баткендик А.Алжиров 13 жыл чет жерде иштеп келип, өз жеринде цех ачты (сүрөт)

Turmush -  Баткен шаарынын тургуну Айтбай Алжиров чет жерде иштеп келип, азыр өз жеринде чакан цех ачып, жаңы жумуш орундарын түзүп жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, жалпысынан 13 жыл миграцияда жүргөн. 2 жыл мурун Баткенге кайтып келип цех ачкан. Учурда ишканада желим эшик-терезелер жасалат.

«Тапкан каражатты үй-бүлөмө салып, калганын топтоп жүрдүм. Кийин Кыргызстанга келип, өзүбүздүн элге салым кошоюн деп цех ачтым», - деди ал.

Цехте эшик-терезелерди жасаган Амирбек Шосинов Баткенде орто мектепти аяктагандан соң Россияда иштеп келген. Ал жактан үйрөнгөн устачылык кесиби менен Баткенде иштеп жатат.

«2007-жылы Москва шаарына бардым. Баргандан баштап эле курулушта иштедим. Азыр эми бул жерде цех ачылып, өзүбүз туулуп өскөн жерде эле иштеп жатам», - деди ал.

Жаш ишкерлер ассоциациясынын Баткен облусундагы аткаруучу директору Шералы Касымалиев эгер ишкерлик кылам деген мигранттар бар болсо алардын кызыкчылыгын колдоого даяр экенин белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×