Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Баткен облусуКадамжай району 30.07.2019 19:00 На русском

Кадамжайда 600 гектар айдоо жерге сугат суу жеткирилди. Видео

Turmush -  Баткен облусундагы чек арага жакын жайгашкан айылдардын негизги көйгөйү — сугат суунун тартыштыгы. Анын кесепетинен көпчүлүк айдоо жерлери иштетилбей келет. Суу маселесин чечүү максатында жергиликтүү тургундар бейөкмөт уюмдардын каржылоосу менен каналдарды куруп жатышат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Учурда Өзбекстан менен чектешкен Кадамжай районунун Бирлик айыл өкмөтүндө жаңы канал курулуп, 600 гектар айдоо жерге сугат суу жеткирилди. Аталган айыл өкмөттө 10 миңден ашуун адам жашайт, ал Өзбекстандын Сох анклавы менен чектешет. Айыл өкмөттө жай мезгилинде айдоо жерлерине суу жетпей калчу. Андыктан жергиликтүү тургундар айылдын жогору жагындагы Ууру-Сай дарыясынан суу тартып келүү маселесин көтөрүшкөн.

Кадамжай районунун акими Алгынбай Имаровдун айтымында, курулуш иштери 2017-жылы башталган жана ага 3 млн сом бөлүнгөн. Канал Бирлик айыл өкмөтүнө караган 11 айылдагы 600 гектардан ашуун айдоо жерди сугат суу менен камсыздайт. Каналдын сыйымдуулугун көбөйтүү менен дарыядан сууну эки эсе көп тартып келсе болору дагы айтылууда.

Бирлик айыл өкмөтүнүн башчысы Жээнбек Маккамбаев учурда Орусай каналында 300 куб метр суу бар экенин билдирди. Анын айтымында, каналдагы сууну 600 куб метрге чейин көбөйткөнгө мүмкүнчүлүк бар жана сугат сууну каналдан айдоо жерлерге жеткире турган узундугу 4 км болгон арыктар бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×