Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Баткен облусуЛейлек району 29.07.2019 18:20

Лейлектеги оорукананын жаңы имараты ачылды

Turmush -  Кечээ, 28-июлда Лейлек районунун Исфана айылындагы медициналык борбордун жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу акимчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, мекеме ар кандай медициналык аппараттар менен камсыздалды. Дарыгерлер бейтаптарга гинекология, терапия, кардиология, неврология, стамотология багыттарында кызмат көрсөтүшөт. Бейтаптарга 3 маал ысык тамак уюштурулган.

Аталган борбор 2009-жылдан бери иштеп келе жатат. Жаңы курулган экинчи имарат 2017-жылы салына баштаган. Жеке тараптар тарабынан пайдаланууга берилген медициналык борборго жалпысынан 18 млн сом каражат сарпталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×