Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Баткен облусуЛейлек району 23.07.2019 16:52

Лейлектин Кара-Булак айылындагы негизги көчөгө асфальт төшөлдү

Turmush -  Лейлек районунун Кара-Булак айылынын Кара бий деп аталган негизги көчөсүнө асфальт төшөлдү. Бул тууралуу айылдын тургуну Курсанай Жороева билдирди.

Буга чейин бул жол ысыкта чаң, жаан-чачында ылай болуп, элди түйшүккө салып келген. Учурда жолдун 700 метр аралыгы асфальтталды. Буга катар эле көчөгө ысымы берилген Кара бий аксакалдын урпактары түнкү чырактарды коюп, элдин батасын алышты. Кара бий көчөсү 1 км чейин жарыктандырылды. Ал эми жергиликтүү бийлик аларга колдоо көрсөтүп, жолду жарыктандыруу иштери аягына чыкты.

Тогуз-Булак айылдык кеңешинин депутаты Жакыпбек Жуматаевдин айтымында, көчөнү асфальттоого түрткү берүүчү гранттан 2 млн 500 миң сом, жергиликтүү бийлик тарабынан 480 миң сом акча каралган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×