Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Баткен облусу, Исфана 17.07.2019 17:53

Баткендин Исфана шаарында милициянын заманбап участкалык пункту ачылды

Turmush -  Бүгүн, 17-июлда Лейлек районунун Исфана шаарында оңдоодон өткөн милициянын участкалык пункту ачылды. Бул тууралуу милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул жерде мындан ары 1 милиция кызматкери үй-бүлөсү менен жашап, кызмат өтөйт. Мекеменин аянты 3 сотых, имарат 8 бөлмөлүү. Анда милициянын кызматтык бөлмөсү, ашкана, мейманкана, жатакана, эс алуу бөлмө, жуунучу жай, буюм сактоочу жай бар. Оңдоо иштерине Исфананын мэриясы 140 миң сом бөлүп берген.

Мекеменин ачылыш аземине ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев, Баткен ОИИБдин башчысы Аскарбек Аширалиев, Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×