Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Баткен облусу, Исфана 12.07.2019 15:15 На русском

Лейлекте үйлөрүндө апийим өстүргөн 3 адам кармалды (сүрөт)

Turmush -  11-июлда Лейлек районунун Исфана шаарында үйүндө баңгизат өсүмдүктөрүн өстүргөндөр кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, Лейлек РИИБдин кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Исфана шаарында жашаган 67 жаштагы Б.К., 58 жаштагы Х.Р. жана А. аттуу тургундар үйлөрүнүн короосунда апийим өстүрүп жатканы такталган. Аларды жулуп, таразага тартканда жалпы салмагы 50 кг жакын болгон.

Бул 3 факт Лейлек РИИБде катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×