Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Баткен облусу, Сүлүктү 27.06.2019 16:25

Сүлүктүдөгү лагерде эс алып жаткан балдардын коопсуздугун милиция көзөмөлдөп жатат

Turmush -  Сүлүктү шаарындагы «Тоо бүркүтү» эс алуу лагеринде Сүлүктү шаарындагы атайын көмөкчү жалпы билим берүүчү мектеп-интернатынын окуучулары 26-марттан бери эс алып жатышат. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, коопсуздукту сактоо максатында Сүлүктү ШИИБден бир кызматкер лагерде эс алып жүргөн жаш өспүрүмдөр менен тынымсыз иш алып барып жатат. Сүлүктүдөгү милиция кызматкерлери жайкы каникул учурунда жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун сактоо максатында жер-жерлердеги эс алуучу жайларда, кооптуу көлмөлөрдө, калк жыш топтолгон жерлерде, жайлоолордо тургундарга жана өспүрүм балдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Сүлүктү шаарында жыл башынан бери өспүрүмдөр арасында 4 кылмыш катталып, алардын баарынын бети ачылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×