Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Баткен облусу, Сүлүктү 19.06.2019 17:35

Сүлүктүдөгү бир катар мекемелерде катаал мамилелерди алдын алуу боюнча текшерүү жүрдү

Turmush -  Кечээ, 18-июнда Сүлүктү шаарынын «Тоо бүркүтү» балдардын ден соолугун чыңдоо борборунда жайкы эс алууда жүргөн мектеп-интернаттын окуучуларына, улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн социалдык стационардык мекемесине текшерүүлөр жүргүзүлдү. Бул тууралуу шаардык прокуратурадан билдиришти.

Маалым болгондой, текшерүү кыйноолорду, катаал, кадыр-баркты басмырлаган мамилени алдын алуу максатында уюштурулду. Шаар прокурору А.Анарботоев катаал мамилелерди алдын алуу үчүн ай сайын Сүлүктү шаарында жайгашкан Сүлүктү шаарынын стационардык мекемесинде, Сүлүктү шаардык атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатында, ошондой эле Сүлүктү ШИИБде текшерүүлөр жүргүзүлөрүн белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×