Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Баткен облусу, Кадамжай 07.06.2019 18:07

Улуттук лига: Кадамжайдын «Металлург» командасы өз үйүндө «Базар-Коргонду» жеңип алды

Turmush -  Кечээ, 6-июнь күнү Кадамжай шаарында Кадамжай районунун «Металлург» футбол командасы Жалал-Абаддын «Базар-Коргон» командасы менен беттешти, деп билдирди аймактык кабарчы.

Футбол боюнча Улуттук лиганын 4-турунунун алкагында өткөрүлгөн оюндун жыйынтыгында «Базар-Коргон» командасы «Металлургга» 4:0 эсебинде жеңилди.

«Металлург» футбол командасынын машыктыруучусу Тынчтыкбек Абдраповдун айтымында, аталган клуб 1996-жылы өлкөнүн чемпиону болгон. Бирок 1997-жылы жоюлуп, 22 жылдан кийин кайра түзүлгөн.

Учурда «Металлург» командасында 22 футболчу ойнойт. «Базар-Коргон» командасын жеңгенден кийин турнирдик жадыбалда 10 команданын ичинен 3-орунда келе жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×