Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 18.08.2019 22:00 На русском

«Жеңеке»: Китепканачы С.Исмаилова жаңы келин болгондо эмнеден уялганын айтып берди

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Жаңы-Күч айылынын 50 жаштагы тургуну Сайнабүбү Исмаилова көп жылдан бери аталган айылдын китепканасында эмгектенип, айылдын элин жана окуучуларды китеп окууга үндөп, дем берип келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Анын айтымында, көбүнчө китеп окуу үчүн 5-6-7-класстагы окуучулар келишет.

«Мен ушул айылга коңшу жайгашкан Казыбек айылында төрөлүп, балалыгым ошол айылда өттү. Окуумду аяктап, Бишкек шаарындагы К.И.Скрябин атындагы айыл чарба институтунун гидромелиорация факультетинде барып, 3 жыл окуган соң турмушка чыктым. Үй-бүлө кургандан кийин окуумду сырттан улантып, 1995-жылы институтту бүтүрдүм.

Классташыма турмушка чыгып калуума чоң кайнатамдын салымы зор. Себеби, мени сыртымдан карап, келин кылууга ылайыктап жүргөн экен. Небересине "ушул эле кызды ал" деп айтыптыр. Жолдошум да менин токтоо мүнөзүмдү жактырды. Мен анын бала кыял, ак көңүл сыпаттарын баалап, ага турмушка чыктым. Ошентип Жаңы-Күч айылына келип, отурукташып калдык.

Жаңы келин болуп келгенде уялып, тамакты аз ичер элем. Атам (кайнатасы) жана жолдошум "көбүрөөк тамактан, антпесе алың кетип, жыгылып каласың" деп айтышканда тартынбай тамактанып калгам. Кийин жолдошум "мендей эле ичип калдың, азыраак ичсең боло" деп тамашалап калат (күлүп)», - деди ал.

Сайнабүбү Исмаилова: «Турмушка чыксам дагы айылдагы коомдук иштерге активдүү аралаштым. 2004-жылы айылдык ден соолук комитетине мүчө болуп 2 жыл эмгектенсем, азыркы күнгө чейин катчымын. Ошону менен бирге 2008-жылдан тарта айылыбыздагы китепканада жалгыз иштеп, тазалоо иштерин да өзүм аткарам.

Бизге албетте көп учурда окуучулар келишет. Айыл тургундарынын китеп окууга көп кызыгуусу жок. Бирок аларды "кечке эле сыналгы көрүп, телефондон маалымат албастан, китеп дагы окугула" деп чакырып, үндөйм. Балдарга дагы "көп китеп окусаңар, силерден мыкты инсандар чыгат" деп дем-күч берип турам», - деп кошумчалады.

Китепканачы райондук, шаардык, облустук ардак грамоталар менен сыйланган. 2016-жылы «Айылдын мыкты маданият кызматкери», 2018-жылы Ат-Башы району боюнча «Жылдын мыкты китепканачысы» наамдарынын ээси аталган.

Анын учурда 1 кыз, 1 уул жана 1 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×