Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Баткен облусу, Исфана 15.04.2019 17:26 На русском

Баткенде жаңы төрөлгөн ымыркайларга араб ишкерлер келип ат коюшту: Төрөт бөлүм ачылды (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 15-апрелде Исфана шаарында Лейлек аймактык ооруканасынын жаңы төрөт бөлүмүнүн ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Иш-чарада маалым болгондой, 40 орунга ылайыкташтырылган 2 кабаттуу жаңы төрөткананын имаратынын курулушуна 30 млн сом сарпталды. Ал эми ичиндеги операциялык блоктор, реанимациялык бөлмөлөр жана акыркы үлгүдөгү түстүү УЗИ аппараттарына 8 млн сом жумшалган. Аталган каражаттар кувейттик уюмдун колдоосу менен каржыланды.

Кувейт мамлекетинин ишкерлери 14-апрелден 15-апрелге караган түнү жаңы төрөгөн 3 энеден кабар алышты. Алар жаңы төрөлгөн ымыркайлардын кулактарына азан айтып, аларга Айша, Рашид, Якуб деп өз ысымдарын ыйгарышты. Ар бирине белекке сүйүнчү пул жана жаңы үлгүдөгү бешик араба беришти.

Бүгүнкү күндө Лейлек районунда жалпы 450дөн ашык дарыгер эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×