Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Баткен облусу, Баткен 05.04.2019 17:16

Баткенде 9 айыл өкмөттүн ортосунда спорттук мелдештер өтүп жатат (видео)

Turmush -  Баткен районундагы 9 айыл өкмөттүн ортосунда спорттук мелдештер өтүп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Уюштуруучулардын айтымында, мелдештер Апрель революциясынын күнүнө жана дене тарбия кызматкерлеринин күнүнө карата уюштурулду. Анда ордо, күрөш, кол күрөш, таяк тартыш, тогуз коргоол, волейбол, футбол, жеңил атлетика, пауэрлифтинг боюнча таймаштар өтүп жатат.

«Мелдешке 18 жаштан жогоркулар катышып жатат. Бирок спорт чеберлери катыша албайт. Жеңүүчүлөр облустук турга өтүшөт. Андан 3 команда ойноп, андан жеңип чыккан спортчулар республикалык турга жолдомо алышат», - деди уюштуруучулардын бири Анарбай Айбашев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×