Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Баткен облусу, Баткен 01.04.2019 17:00

Баткен шаарында «Чылымсыз спорт» аталышында волейбол боюнча мелдеш өттү

Turmush -  Кечээ, 31-мартта Баткен шаарында «Чылымсыз спорт» аталышында волейбол боюнча мелдеш өттү.

Маалым болгондой, мелдешти өткөрүү демилгеси Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын жашоочулары тарабынан көтөрүлүп, мэрия менен спорт комитети колдоого алган. Байге фонду 110 миң сомду түзгөн мелдеш 20 жылга жакын дене тарбия мугалими болуп эмгектенген маркум Мамат Имаровдун жаркын элесине арналып уюштурулду. Катышуучу командалардын саны жана оюнчулардын жаш курагы чектелген жок.

Жыйынтык:

- 1-орун — Кызыл-Жол кварталынын командасы (50 миң сом);

- 2-орун — Аксыдан келген команда (30 миң сом);

- 3-орун — Кадамжайдан келген команда (20 миң сом).

Мындан тышкары эң мыкты оюнчулар аныкталып, атайын сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×