Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 21.02.2019 13:29

Кызыл-Кыяда окуучулар арасында волейбол боюнча мелдеш өттү (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 20-февралда Кызыл-Кыя шаарындагы окуучулар арасында волейбол боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, мэрия жана билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган мелдешке шаардагы 10 мектептин окуучулары катышты. Таймаш мектеп окуучуларынын арасында кылмыштуулукту алдын алуу максатында өттү.

Балдар арасындагы мелдештин жыйынтыгы:

- 1-орун — №7 орто мектеп;

- 2-орун — «Сапат» лицейи;

- 3-орун — №6 орто мектеп.

Кыздар арасындагы мелдештин жыйынтыгы:

- 1-орун — №10 орто мектеп;

- 2-орун — № 7 орто мектеп;

- 3-орун — №5 мектеп.

Жеңүүчүлөргө кубок, ардак грамота, акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×