Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Баткен облусу, Баткен 26.11.2018 16:12

Баткенде окуучулар арасында таэквондо боюнча эл аралык мелдеш өттү (фото)

Turmush -  Бүгүн, 26-ноябрда Баткен шаарында окуучулар арасында таэквондо боюнча мэрдин кубогуна арналган эл аралык мелдеш жыйынтыкталды.

Облустун дене тарбия жана спорт комитетинин башчысы Жумабай Токсобаевдин айтымында, мелдештин негизги максаты — республикалык, эл аралык мелдештерге баруучу мыкты спортчуларды жана курама командаларды тандап алуу. Спортту калк арасында жайылтуу. Бул мелдешке Баткен, Ысык-Көл, Ош облустарынын Араван районунун жана Тажикстандын Хатлон облусунун спортчулары келишти. Таймашка 6 жаштан 18 жашка чейинки 200гө жакын спортчулар катышты.

Жыйынтык:

- 1-орун — Баткен шаарынын командасы;

- 2-орун — Араван районунун командасы;

- 3-орун — Хатлон облусунун командасы (Тажикстан);

- 4-орун — Ысык-Көл облусунун командасы;

- 5-орун — Баткен районунун Кара-Токой айылынын командасы;

Жеңүүчүлөргө шаардык мэрия, дене тарбия жана спорт комитети тарабынан медалдар, дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×