Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Баткен облусуБаткен району 19.11.2018 16:11

Баткенде Студенттер күнүнө карата жаштар арасында чуркоо боюнча мелдеш өттү

Turmush -  Баткен районунда Студенттер күнүнө карата жаштар арасында гиря көтөрүү жана чуркоо боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу Кара-Бак айылынын тургуну Эрмек Амитов билдирди.

Анын айтымында, мелдешке 15 жаштан 25 жашка чейинки жаштар катышкан.

«Мелдешке Кара-Бак, Кызыл-Бел, Чет-Кызыл, Дөбө айылдарынын жаштары катышты. Катышуучулар 5 чакырым аралыкка жөө чуркап, 24 кг салмактагы гиряны көтөрүп күч сынашты. Мелдешке жалпысынан 70 спортчу катышты. Жалпы байге фонду 15 миң сом болду. Жөө чуркоо боюнча мелдеште Чет-Кызыл айылынан келген 17 жаштагы Байтулла Анарбай уулу 1-орунду алып, 5 миң сомго ээ болду. Ал эми гиря көтөрүү боюнча мелдеште Кара-Бак айылынан келген 2 жаштагы Асан Жанибек уулу 1-орунду ээлеп, 2500 сом жана грамота менен сыйланды», - деди Эрмек Амитов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×