Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 03.11.2015 08:36

Кызыл-кыялык күрөшчүлөр Тажикстандагы 400 спортчу катышкан эл аралык турнирдин байгелүү орундарын ээлеп келди

Turmush -  Кызыл-кыялык 3 спортчу Тажикстанда өткөн турнирдин байгелүү орундарын ээлеп келди. Аймактык кабарчыга маалымдалгандай, 30-октябрдан тартып, 1-ноябрга чейин Тажикстанда өткөн эркин күрөш боюнча эл аралык турнир Тажикстан Республикасынын Конституциясынын 21 жылдыгы менен спорттун мастери Хайдар Бабаевдин жаркын элесине арналды.

Аталган турнирге Кыргызстандан, Өзбекстан, Тажикстандан түзүлгөн 20 команданын 400гө жакын эркин стилдеги күрөшчүсү катышты. Алардын ичинде Алмаз Эрматов машыктырган Кызыл-Кыянын 11 спортчусу мелдешке түшүп, жыйынтыгында 3 спортчу өздөрүнүн салмак даражасындагы атаандаштарын жеңүү менен байгелүү орундарды ээледи.

54 кг салмак даражасында Тилек Жээналиев 2-орунга жазылса, 64 кг салмак даражасындагылар арасындагы 3-орунду Абдилвахаб уулу Нурбек менен Жахангир Шамсудинов ээледи.

Бул жеңиши үчүн спортчуларга диплом, медал жана баалуу белектер берилип, алардын машыктыруучусу А.Эрматов турнирге активдүү катышкандыгы үчүн диплом менен сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×