Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Баткен облусуЛейлек району 29.10.2015 10:51

Быйылкы жылы Лейлек районунда 12 спорт аянтчасы курулду

Turmush -  Быйылкы жылы Лейлек районуна 12 кичи футбол аянчасы курулду. Бул тууралуу Лейлек райондук дене тарбия жана спорт комитетинин башчысы Маннан Амираев аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, кичи футбол аянчасынын ар бирине 35 миң АКШ доллары сарпталган.

«Учурда аталган кичи футбол аянчалары ар бир аймакта курулуп, жаштардын спорт жаатына кызыгуусуна өбөлгө болууда. Мындай спорттук аянчалардын курулуусу жаштарды кылмыштуулуктан алыстатып, спортко кызыктырууда», - дейт М.Амираев.

Спорт аянтчалары жергиликтүү бюджеттин жана ар кандай уюмдардын демөөрчүлүгү менен курулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×