Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Баткен облусуЛейлек району 22.09.2015 11:19

Исфанадагы Балдардын жана өспүрүмдөрдүн дене-тарбия клубунда футбол ийрими ачылды

Turmush -  Лейлек районунун Исфана шаарындагы Балдардын жана өспүрүмдөрдүн дене тарбия клубунда футбол ийрими ачылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына аталган клубдун башчысы Акжол Бабаев билдирди.

«2015-16-окуу жылына карата 2000 жана 2003-жылы туулган 30 окуучуну кабыл алдык. Алардын арасында Исфана, А.Навои, Ю.Гагарин атындагы орто мектептер менен №1 гимназия-мектебинин окуучулары бар. Окуучуларды кабыл алууда алардын физикалык даярдыгына басым жасалып, 60 метрге чуркоо, турникке тартынуу жана башка багыттар боюнча мыкты жыйынтыктарды көрсөткөн балдар тандалып алынды. Максатыбыз спортту өнүктүрүү менен катар спорт аркылуу улуттар арасындагы биримдикти чыңдоого багытталгандыктан, түзүлгөн тайпаларга кыргыз жана өзбек улутундагы жаш футболчулар аралаш алынды. Бүгүнтөн баштап машыгуулар башталды», - дейт А.Бабаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×