Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Баткен облусуБаткен району 26.08.2015 11:06

Баткендеги Самаркандек айылында футбол боюнча мелдеш өттү (фото)

Turmush -  Баткен районунун Самаркандек айылында 25-26-август күндөрү футбол боюнча мелдеш өттү.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, мелдешке 30дан ашык команда катышты. Иш-чара жеке ишкер тарабынан уюштурулуп, 1-орунга «Жигули-07» үлгүсүндөгү автоунаа, 2-орунга бир кой, ал эми 3-орунга бир эчки жана кызыктыруучу баалуу белектер коюлду.

Уюштуруучулардын айтымында, спорттук иш-чара чек арага жакын айылдардагы жаштардын ортосундагы ынтымакты бекемдөө жана жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу максатында өткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×