Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Баткен облусуЛейлек району 11.08.2015 11:49

Лейлектин Катран айылында жаңы кичи футбол аянтчасы ачылып, 30 команда беттеш өткөрдү (фото)

Turmush -  Лейлек районундагы Катран айылында жаңы кичи футбол аянтчасы ачылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Аталган аянтчага айыл өкмөтү тарабынан 8 сотых жер бөлүнгөн. Буга чейин бул айылда бир да футбол аянтчасы болгон эмес. Аны куруу демилгеси коомдук ишмер тарабынан көтөрүлүп, каржыланды.

Кичи футбол аянтчасында 45 жашка чейинки адамдардан турган 30 команда түзүлүп, беттешишти. Баш байгеге демөөрчүлөр тарабынан 10 миң сомдук акчалай сыйлык коюлду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×