Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Баткен облусу 25.06.2015 12:01

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн кубогу үчүн мамлекеттик кызматкерлер арасында футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү

Turmush -  23-июнь мамлекеттик кызматкерлер күнүнө карата Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кубогу үчүн кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка ылайык, спорттун кичи футбол түрү боюнча уюштурулган мелдеш облус аймагындагы мамлекеттик башкаруу органдарынын кызматкерлеринин катышуусунда өттү. Жалпысынан мелдешке 7 команда катышты.

Мамлекеттик кызматкерлердин ынтымак, достугун жана спорттук чеберчилигин арттыруу аракетинде уюштурулган мелдешке облустун район шаарларынан келген командалар катышты.

Спорттук мелдештин жыйынтыгында мыктылар аныкталып, биринчи орунду Кызыл-Кыя шаардык мэриясы багындырды. Калган командалар акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×