Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 16.06.2015 12:05

Кызыл-Кыянын мектеп-интернатынын окуучулары республикалык спорттук олимпиадада 3-орунга ээ болушту (фото)

Turmush -  Кызыл-Кыянын мектеп-интернатынын тарбиялануучулары республикалык спорттук олимпиаданын жеңүүчүлөрү болушту.

Ысык-Көл облусунда 6-8-июнда мектеп-интернаттарынын жана балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары арасында спорттук алимпиада өткөрүлдү. Жалпысынан 8 команда көрсөтүлгөн.

Кызыл-Кыядан директору Тынычбек Ахматов башында турган команда катышкан. Баардыгы 7-классты аякташкан.

Мектеп окуучулары аркан тартыш, 60 метрге жүгүрүү, узундукка секирүү, футбол ойноо боюнча мелдешишти. Жыйынтыгында Кызыл-Кыянын командасы 3-орунга ээ болду.

Команда Кубок, медаль, диплом жана спорттук форма менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×