Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Баткен облусу, Баткен 05.06.2015 12:46

Тажикстанда таэквондо боюнча өткөрүлгөн эл аралык мелдеште баткендик спортчулар 3-орунду камсыз кылышты (фото)

Turmush -  Тажикстандын Коргон-Төбө шаарында Хатлон облусунун биринчилиги үчүн таэквондо спорту боюнча өткөрүлгөн эл аралык мелдешке Баткен шаарындагы «Тигр» таэквондо клубунун спортчулары катышып, жеңиш менен кайтышты.

Аймактык кабарчы билдиргендей, 400дөй спортчу, 20га жакын спорттук клубдар катышкан мелдеште Баткен шаарындагы «Тигр» таэквондо клубу, жалпы командалык эсеп менен 3-орунду камсыз кылып, Хатлон облусунун губернаторунун кубогун алышты.

Команданы жетекетеп барган машыктыруучу Алымбек Байназаровдун берген маалыматы боюнча, жаш таэквондисттер Элиза Нурланбек кызы (49 кг) 2-орунду камсыз кылса, Айсулуу Бейшеева (49 кг), Каухара Самалканова (53 кг), Искендер Максутов, Бакыт Алиев, Канат Шайдуллаев (58 кг), Батыр Манас уулу (55 кг), Абды Абдыгапар уулу 63 кг салмакта ойноп, 3-орунду камсыз кылышты.

IMG-20150604-WA0224

IMG-20150604-WA0225

IMG-20150604-WA0227

IMG-20150604-WA0228

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×