Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 27.05.2015 13:59

Кызыл-Кыянын «Шахтёр» футболдук командасы Кыргызстандын кубогу үчүн беттешти улантууда

Turmush -  Кызыл-Кыянын «Шахтёр» футболдук командасы Кыргызстандын чемпионатында оюнду улантууда. Команданын жетекчиси Тавакал Кушбеков аймактык кабарчыга билдиргендей, «Шахтёр» командасы Кыргызстандын чемпионатында 1-лиганын «Б» тобунда ойноп жатат. Буга чейин 5 оюн ойнолду.

«24-майда Кочкор-Атанын «Нефтчи» командасы менен өзүбүздүн футболдук талаада ойноп, 2-1 эсебинде утуп алдык. Бул сезондун эң мыкты оюнчулары Олег Эрбутаев менен Исмадияр Исмаилов болду. Учурда команда Кыргызстандын кубогуна ойноп жатат. 2 оюнда жеңишке жеттик, азырынча утулуу боло элек», - деди Т.Кушбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×