Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 20.05.2015 12:23

Кызыл-Кыя шаарында грек-рим күрөшү боюнча 4-жолу эл аралык турнир өткөрүлүп жатат (фото)

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарында Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген мугалими, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Темир Иметовдун жаркын элесине арналып грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнир төртүнчү жолу өткөрүлүп жатат.

Кызыл-Кыя шаардык дене тарбия жана спорт боюнча бөлүмүнүн башчысы Азизбек Таштемировдун айтымында, мелдеш 19-20-май күндөрү өткөрүлдү.

Турнирге 14 командадан турган 240 спортчу келди. Алар 27ден 69 кг чейинки салмак категориясы боюнча күч сынашышты.

Грек-рим күрөшү боюнча федерациясынын Баткен облусу боюнча төрагасы Имарали Жолдошев турнирдин жеңүүчүлөрү үчүн атайын Т.Иметовдун портрети түшүрүлгөн белги даярдаган. Ошондой эле, шаардык кеңештин атынан да тиешелүү белектер тапшырылды. Мындан тышкары, жеңүүчүлөргө диплом, медалдар жана баалуу белектер ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×