Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 12.05.2015 18:01

Кызыл-Кыя шаарында 30 жылдан бери ойнолуп келе жаткан волейбол боюнча салттык турнир өтүп жатат

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарынын Кулатов айыл өкмөтүндө 30 жылдан ашык убакыттан бери жазында ойнолуп келген волейбол оюну боюнча турнир өтүп жатат.

Кулатов айылынын тургуну Эркин Козубаевдин айтымында, Торош Бекиев атындагы мектепте волейбол боюнча турнир болуп өттү. Ага 20 команда катышууда. Эң мыкты оюнду Өмүрбек, Мыктыбек, Өмүралы сыяктуу оюнчулар көрсөтүштү.

Волейболдун ардагери Э.Камалов айткандай, оюн жолдоштук маанайда өтүүдө. Волейбол жергиликтүү жашоочулар үчүн салтка айланып калды, анткени бул оюн 30 жылдан бери ойнолуп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×