КСДП фракциясы Баткендеги көчмө жыйынын алкагында жергиликтүүлөрдүн арыз-муңун укту
Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаттар тобу Баткен облусунда өткөн көчмө жыйындын алкагында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге чек ара аймагындагы Ак-Сай, Көк-Таш, Ак-Татыр айылдарынын тургундары менен жолугушуп, алардын социалдык-экономикалык абалы менен жеринен таанышты.