Turmush — Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен өлкөнүн бардык облустарындагы айыл аймактарда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү эл менен жолугушууларды уюштурду. Жыйындарга облус жетекчилери, шаар мэрлери, акимдер, айыл өкмөт башчылары, мамлекеттик мекемелердин жетекчилер катышты.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимовдун алгачкы жолугушуусу 11-майда Кызыл-Кыя шаарынан башталды. Ага жалпысынан 300гө жакын тургун катышып, 50дөн ашуун суроо-талап жана кайрылуулар айтылды. Жолугушуунун жүрүшүндө жарандар негизинен турак жай куруу үчүн жер тилкелерин алуу, таза суу менен камсыздоо, мунапыс маселеси, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык абалы, жашаган жери боюнча каттоого туруудагы көйгөйлөр, жаңы жумуш орундарын түзүү, шаардын инфраструктурасын өнүктүрүү жана жеке укуктук маселелер боюнча суроолорун беришти.
Ошондой эле президенттин Кызыл-Кыя шаарына келип кетүүсүн суранышты. Көтөрүлгөн маселелердин айрымдары жеринде чечилип, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине конкреттүү тапшырмалар берилди. Ал эми кошумча убакытты жана тиешелүү изилдөөнү талап кылган кайрылуулар көзөмөлгө алынып, тийиштүү кызматкерлер жеринде иш алып барууда.
Жыйынга облус башчысы менен бирге облустук мекеме, ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып, ар бир жарандын кайрылуусу боюнча жекече түшүндүрмө берип, тиешелүү иштерди алып барууда.
Шаарда 7000ден ашуун жер тилке үчүн арыз менен жазылган. Бирок тилекке каршы тилке берүүгө шаарда жер жок. Маселелердин көбү жер тууралуу айтылды.
- Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагындагы жолугушуу:
13-майда Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагындагы жыйын өттү. Анда айыл өкмөт башчысы Каныбек Мамажанов 150 гектар жер трансформацияланып, элге үй салуу үчүн берилерин айтты. Башкы пландын иши бүткөн. Атайын комиссия аким, органдар менен биргеликте карап берилбесе талаш-тартыш маселеси болушу мүмкүн. Деталдык иштер баары бүткөн.
Ал эми президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов бул 150 гектар жер Кыргызстан боюнча акыркы трасформация болгон жерлердин бири экенин айтты. Мындан кийин ипотекадан гана үйлөр берилет.
Масалиев айыл аймагында өткөн жолугушууда, көпчүлүк тургундар жер алуу маселесин айтышып, 3-4 үй-бүлө бир үйдө жашап жаткандыгын белгилешти.
Таза суу, мектеп, камералар маселеси:
Разъезд айылынын тургуну Турсунали Каримжанов мектеп, таза суу маселелерин көтөрдү. Айылдагы мектеп 1957-жылы курулган. Балдар батпайт. Жаңы мектеп салуу зарыл.
Айылда чек ара посту болгондуктан унаалар көп. Унаа кырсыктар көп катталат. Каттуу жүргөндөргө айып пул салынса. Таза суу маселебиз да бар.
Баткен ОИИБнын жетекчиси Улан Жукенов видеокамера коюу боюнча маселе караларын айтты. Жакын арада 20 миң камера коюлат. Анын ичинде Баткенге да орнотулат.
Таза суу боюнча долбоор тизмеге кирген. Документ иштери аяктаса акча жетиштүү.
Бир үйдө 2-3төн келин жашаган үйлөр:
Жыйында Исмат-Какыр айылынын тургуну Замира Сайдалиева бир катар көйгөйлөрдү айтты. Ал ФАП жана бала бакча жок экенин белгиледи. Мектеп да ашар жолу менен салынган. Анан да жер маселеси бар. Бир үйдө 2-3төн келиндер жашап жатат.
Дубан башчысы Мамыржан Рахимов Масалиев айыл аймагында акыркы трасформацияга кирген жер бар экенин, ал чындап муктаждарга берилерин айтты. Мындан кийин айыл өкмөттөргө да ипотекалык үйлөр салынат.
Ал эми мектеп, бала бакча маселесин чечүү үчүн ар 6 айда титулга киргизилет. Ал эми ФАП маселесин фонддордон карап, чечип бермек болушту.
- Кадамжай районунун Майдан айыл аймагындагы жолугушуу:
13-майда Кадамжайдын Майдан айыл аймагында жолугушуусу уюштурулду. Анда Таш-Какыр айылынын тургуну Жээнбек Арзыбаев буга чейин элетке чек арадагы айыл статусу берилгенин, бирок аталган айылга кошулган Үч-Коргон аймагынан кирген айылдарга бул макам бериле электигин айтты. Таш-Какыр айылы Масалиев айыл аймагына киргенге чейин Какыр айылы болчу, 400 кожолугу бар. Айыл Өзбекстанга чектеш болгондуктан Таш-Какыр айылына 2023-жылы статус берилген. Бирок алигиче финансы жагынан бериле элек, жөлөк пул, пенсияларга кошулган жок.
Аталган айыл Үч-Коргон айыл аймагынан Масалиев айыл аймагына өткөн. Масалиев айыл аймагынын башчысы Каныбек Мамажанов аларга статус берүү боюнча арыз берилип, бирок статус карала электигин билдирди.
Облус башчысы Мамыржан Рахимов реформа бүткөндөн кийин бул маселе боюнча дагы сунуштар айтылары, маселе караларын билдирди.
Айдаркен шаарынын тургуну Абдыжапар Акматов Ош–Баткен–Раззаков унаа жолунун эски багыты болгон, Айдаркен шаары аркылуу Сох анклавына өткөн жолдо унаа кырсыктар көп катталып жатканы боюнча маселе көтөрдү. Кырсыктардын негизги себептеринин бири — жолдо кароосуз калган мал-жандыктар. Айдоочулар ылдамдыкты ашырган учурлар да көп болууда. Ушундан улам аталган жолдун төмөнкү аймагында, Сох анклавына чектеш Чечме айылындагы өткөрмө пунктуна чейин коопсуздук камераларын орнотуу зарылдыгын айтты.
Баткен ОИИБдин жетекчиси Улан Жукенов райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кооптуу тилкелер изилденип, тиешелүү жерлерге камералар орнотуларын билдирди.
- Айдаркен шаарындагы жолугушуу
14-майда Кадамжай районунун Айдаркен шаарында эл менен жолугушту. Жыйында айдаркендик келин 86 жаштагы кайын атасына паспорт ала албай жатканын айтты. Себеби туулган жылы туура эмес. Документ боюнча 1942-жылкы, паспортко түшүп калганы 1954-жыл. Ал туура эмес болгондуктан аны оңдотууда убаракерчилик жаралууда. Паспорт столдогулар ага «бул кишинин өлөрү жакын экен» деп да айтышкан.
Кадамжай районунун акими Болоткан Баяке уулу паспорт столдун кызматкерине бул айымды азыр дароо кабыл алып, маселени териштирүүнү тапшырды.
Элди кыйнаган саркынды суу:
Жолугушуу учурунда Айдаркен шаарынын тургундары саркынды суулар шаардын батыш тарабында жөнгө салынбай, көлмөгө айланып калганын айтышты. Канализация аркылуу чыккан саркынды суулардын айланасында жаш балдар ойноп жүргөндүктөн, ар кандай жугуштуу оорулардын таралуу коркунучу жаралууда.
Айдаркен шаарынын мэри Бакыт Бегалиев саркынды сууларды тазалоочу жай союз мезгилинде курулуп, учурда эскилиги жетип жараксыз абалга келгенин тастыктады. Бул маселе боюнча Бишкектен атайын адистер келип текшерүү жүргүзүп кетишкен. Саркынды сууларды жөнгө салуу жана тазалоо иштерин жүргүзүү 2027-жылга карата иш планга киргизилген.
Кошуна өлкөлөрдүн камералары:
Кадамжай районунун Ынтымак айылынын тургуну Асан Акматов анын айылы Өзбекстандын Сох анклавы менен чектеш жайгашкандыктан кошуна мамлекеттин чек арачылары тарабынан айылга жакын жерлерге камера орнотулганын айтты. Айыл өкмөт тарабынан электр чубалгы жана түркүктөр берилген. Электр тармактар ишканасынын кызматкерлери аны орнотуп беришсе жакшы болмок. Аны менен бирге асфальт басууну планга киргизип берүүнү суранды.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов асфальт басуу жана электр зымдарын тартуу маселеси тез арада чечилерин айтты.
Ал эми камералар үйлөргө карап коюлбайт, мамлекеттик чек араны кайтаруу үчүн колдонулат.
Камандардын кыйнаганы:
Бирлик айыл өкмөтүнүн Жал айылынын тургуну Абдыманап Кудайкулов Айдаркен тоолорунда каман көбөйүп элге зыянын тийгизип жатканын айтты. Айдаркен аймагындагы Тескей, Сырт, Жал, Жан-Коргон сыяктуу айылдарынын тургундары негизинен эгиндерин тоо этектеринде өстүрүшөт. Акыркы 1-2 жылдан бери каман көбөйүп кетти. Азыркы учурда тигилген картошкаларды казып, түбүндөгү уруктугун жеп салып жатат. Күздө картошка бышканда дагы жейт. Сабиз жана башка эгиндерге да зыян келтирүүдө. Бирок каманды атууга уруксат жок.
- Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагындагы жолугушуу:
19-майда Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагында жолугушуу уюштурулду. Анда Охна айылынын тургуну Карим Максүтов скважиналар боюнча маселени көтөрдү. Союз убагында Охна айылынын үлүш жеринде 24 скважина иштеп турган. Азыр 3-4 иштейт. Ар ким алып иштетип алган, саатына 200 сом. Кааласа агызат болбосо токтотуп коет. Ушул скважинаны суу чарбага өткөрүп, электр энергиясын бекер кылып берсең үлүш жерлерди иштетсе болот. Курук-Сайга көпүрө куруу керек.
Дубан башчысы Мамыржан Рахимов бул маселе боюнча тапшырма бере турганын айтты. Скважинаны элге алынат. Электр энергиясын эл чогултуп карайт. Суу чарба оңдоо иштерин кылып турушат.
Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысы Замир Жарматов Курук-Сайдагы көпүрө бюджетке киргизилгенин айтты.
Орозбеков айылынын тургуну Шарип Буураев мамлекеттик ишмер Абдыкадыр Орозбековго «Эл баатыры» даражасы берилгенде анын үй музейин куруу демилгеси көтөрүлгөнүн, бирок ал азыркыга чейин ишке ашпай жатканын айтты.
Облус башчысы Мамыржан Рахимов Орозбековдун үй музейи боюнча маселени өз көзөмөлүмө алып, карап чыгарын айтты.
- Маселенин чоо-жайы:
- 2025-жылы февраль айында Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысы Абибилла Акматов Орозбеков айыл аймагында мамлекеттик ишмер Абдыкадыр Орозбековдун үйүнө үй тибиндеги музей куруларын билдирген. Ал музейдин долбоору түзүлүп жатканын айткан. Абдыкадыр Орозбеков жашаган үй Орозбеков айылынын Жогосек-Коргон участкасынын Парпиев көчөсүндө жайгашкан. Анын жашаган үйү бузулуп, ордуна башка үй түшкөн.
Жыйында Кызыл-Булак айылынын тургуну Абдибаит Кошоков бир катар маселелерге токтолду. Кызыл-Булакта 10 миңдин тегерегинде адам жашайт. Эң эле көйгөйлүү маселеси — таза суу. Жаан жааганда суу булганат. Спорт зал маселеси бүтүш керек эле, курулушу токтоп турат. Кызыл-Булактын борборунда сайдын жээгин алып кетти. Ошол жерге көпүрө куруу керек.
Кадамжай районунун акими Болоткан Баяке уулу таза суу боюнча долбоор титулга киргенин айтты. Кызыл-Булак, мурдагы Көтөрмө айыл өкмөтүнөн 5 айыл кирди. Азыр процедуралык иштери калды. Кызыл-Булактын жанынан эле скважина казылмай болду. Жакында казуу иштери башталат.
Спорт зал боюнча, былтыр 2,5 млн сом райондук фонддон бөлүнгөн, быйыл 3 млн бөлүндү. Көпүрөнү ӨКМ өздөрү салып бермек болду.
Маданият үйү жок айыл:
Орозбеков айылынын тургуну Парпи Маматов маданият үйүнүн жоктугун айтты. Эгемендик алгандан бери Орозбеков айылына маданият үйү үчүн жер ажыратылып, бирок салынбай жатат.
Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысы Замир Жарматов маданият үйүнө жер ажыратылып, 72 млн сомдук долбоор жасалганын айтты. Облус башчысы акча маселесин өзү чечип берерин убалады.
Ал эми айыл ичиндеги тротуар, отургучтар, урналар боюнча маселени аким көзөмөлүнө алды.
- Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагындагы жолугушуу:
21-майда Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагында жыйын өттү. Анда Апсамат айылынын тургуну Топчубай Казыков жаңы мектеп салынат деп бүтпөй жатканын, бала бакча, ФАП жок экенин айтты.
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Апсамат айылындагы мектептин долбоору 80% аяктап калганын, курулушу ушул жылы башталарын айтышты.
Кыргыз телеканаларынын иштебей жатышы:
Гүлдүрөмө айылынын тургуну 7 жылдан бери кыргыз телеканалдарын тартпай жатканын белгиледи. Телефон да араң эле тартат. Азыр балдардын тили бузулду. Бүт Өзбекстандын каналдары тартып жатат.
Радиотелевидения станциясынын түштүк башкармалыгынын адиси антенаны Чаувай айылы тарапты каратып алууну сунаштады. Кээ бир айылдарда жакшы тартпайт. Ал жакта сигнал жакшы иштебейт. Ал облус башчысынан маселесин чечүү үчүн өнүктүрүү фондунан акча берсел сигналды күчөтүшөрүн айтты.
Облус башчысы кыргыз каналдары тартпаган аймактардын тизмесин берүүнү тапшырды.
- Маселенин чоо-жайы:
- 2022-жылы Баткендин көпчүлүк аймактарында Кыргызстандын телеканалдары көрсөтпөй турганы айтылган. Баткендин Ак-Турпак айылынын тургуну Сахавидин Абдалиев облуста Өзбекстандын 20дан ашуун телеканалдары көрсөтүп, жаш балдар өзбек тилинде сүйлөп, кары-картаңдар өзбек тилдүү сериалдарынан башы көтөрүлбөй калганын айткан.
Жер, макам, таза суу көйгөйү бар Таш-Дөбө:
Таш-Дөбө айылынын тургуну Азизбек Орозбаев бош жаткан 2 гектар жерди муктаждарга берүү сунуштады. Таза суу маселеси Таш-Дөбө, Гүлдүрөмө Шаада айылдарында кандайдыр себептер менен токтоп калган. Таш-Дөбө айылы статус албай калган. Муну мен элдик курултайда дагы көтөрүлгөн.
Таш-Дөбө айылында мурда Өзбекстандын жарандары жашачу. Деморкация, делимитация иши аяктап, өздөрүнүн жарандарын алып чыгып кетишкен. Ал жерде 2 гектарга жакын жер калган. Ошол участкадан Таш-Дөбө айылындагы чыныгы муктаж адамдарга бөлүп берсе болмок. Эгер турак жай салууга болбосо, анда бир үйдө 2-3 келин жашап жаткан үй-бүлөлөргө 10 сотыхтан болсо да аренда катары берсе болот.
Мамыржан Рахимов 2 гектар жерди комиссия менен барып карап, муктаждарга ижарага 10 сотыхтан берүүнү тапшырды.
Кадамжай районунун акими Болотхан Баяке уулу Исхак-Полотхан айыл аймагында 14 айылдын жетөөсүндө таза суу боюнча иш жүрүп жатканын, 26 айыл статус алганын, дагы 26 айылды сунушталганын кошумчалады.
Жер сураган тургундар:
Жошук айылынын тургуну Азамат Турганбаев элетте Мамлекеттик ипотекалык компаниянын үйлөрү үчүн берилчү 5 гектар жерди тургундарга таратып берүүнү суранды. 2023-жылы Исхак-Полотхан айыл аймагындагы 32 гектар жер трасформацияланган. 2024-жылы кийинки айыл өкмөт муктаждарга бөлүп берүү максатында Жоошук айылына 5 гектарын берген. Ал жер Чекелик, Ынтымак жана башка айылдарга да берилген.
Айылда зордук-зомбулук, ажырашуу да ушул жер маселесинен болуп жатат. Бир үйдө эки-үчтөн кожолук жашайт. 12 сотыхтан бөлсө 41 үй-бүлөгө туура келет экен. Анан талашып-тартышып, ГИКтин [МИК] үйүн салмай болуп, жер берилбей калган. Батирлер болбоду дегенде 4-5 млн сом болот. Ушул жерди элге, мутаждарга кайра кайтарып берүү сунушталды.
Кадамжай районунун акими Болоткан Баяке уулу жерге 1000ден ашуун адам кезекте турганын, аны 41 адам алса, калганы нараазы болорун айтты. Ошого 4-5 кабат үйлөр салынат.
3 нөөмөт менен окуган балдар, сотко каттап жаткан аялдар, таза суу:
Жеңиш айылынын тургуну Нурмухаммед Сейитказиев буга чейин 32 гектар жер элге, депутаттар, аксакалдар, айыл өкмөтү болуп биргеликте эң муктаж деген үй-бүлөлөргө таркатылганын айтты. Бул ишти прокуратура кезексиз берилди деп иш козгоп, 1 жылдан бери жер алгандар сотко каттап жатат. Арасында аялдар да бар. Иш облустук соттон Жогорку сотко өттү.
Дагы бир маселе — бул таза суу.
Жеңиш айылынын дагы бир тургуну Шералы Гайыпов мектеп көйгөйүн айтты. Айылдагы К.Садиров мектебинде 2 эсе көп окуучу окуп жатат. Быйыл 3 нөөмөт менен окуп жатышат. Келерки жылы бала дагы көбөйөт 4 нөөмөт менен окуп калышат. Ошого жаңы мектептин курулушун башташ керек.
Аким Болоткан Баяке уулу кезексиз берилген 32 гектар жер боюнча сот гана чечим чыгара турганын, мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча сунуш буга чейин берилгенин билдирди.
Ал эми облус башчысы тиешелүү адистергерге таза суу боюнча тапшырма берип, буга чейин бул маселеден кабары болбогон адистерди тилдеди.
Чек арадагы айыл жана курулуш:
Гүлдүрөмө айылынын тургуну Гүлбахар Акрамжанова чек арага жакын жашаган жашоочулар курулуш кура албай жатканын айтып чыкты. Себеби чыкса эле чек ара, 2 метр аралык. Кеңири отуруп тура албай жатышат. Аскерлер жарыгын жандырып эмне кылып жатышат деп карап турушат. Пландап бир нерсе сала алышпайт. Көчүп кетейин десе жер жок.
Балдар 7 чакырым жол жүрүп мектепке жөө барат. Жолдун асфальты жок.
Кадамжай районунун акими Болоткан Баяке уулу чек ара такталса, көчүш керек болуп калса компенсация берилерин айтты. Жол асфальтталат.
Кадамжайда чек арада Гүлбахар Акрамжанова сыяктуу курулуш кура албай же көчүп кете албай жаткан 400дөй кожолук бар экени айтылды.
Кадамжай районунун Молдо Нияз айыл аймагындагы жолугушуу:
21-майда Молдо Нияз айыл аймагынын аксакалдар кеңешинин төрагасы Азимбек Жумабаев бир катар мектептердин маселесин көтөрдү. Ал Кыргыз-Кыштак айылына «Акылман» бакчасын куруп берүүнү суранды.
Тургунов атындагы мектеп авариялык абалда. Алга айылындагы авариялык абалдагы ооруканы курууга жардам керек. Кайтпас айылына Алга айылына таза суу тартуу зарыл. Өрнөк орто мектебин заманбап кылып салуу керек.
Умай-Эне айылындагы Миталипов толук эмес мектебинин имаратын облусту өнүктүрүү акчасынын эсебинен салуу керек. Балдар 3 нөөмөт менен окуп жатышат.
Дубан башчысы аталган мектептердин бири гана титулга киргенин калганы да 2 жыл аралыгында титулга кирип курулуштар башталарын айтты.
Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагындагы жолугушуу:
25-майда Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагынын тургундары менен жолугушуу уюштурулду. Анда Ак-Турпак айыл аймагынын тургуну Мамлекеттик каттоо кызматынын жер ченегичтери акча аларын айтты.
Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү бул маселе боюнча тактоо жүргүзөрүн айтты.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов бул маселени өз көзөмөлүнө аларын айтты.
Аким өзү бара турган айыл:
Өтүкчү айылынын тургуну Гүлдаста Садыкова бала бакча, мектеп ашканасы боюнча маселени айтып чыкты. Ашкана авариялык абалда турат. Ичинде курттар жүрөт. Асты тешилип алган. Ичинде отургучтар жок. Окуучулар туруп алып тамак жешет. Стол, стул жок. 15 окуучу кезектешип кирип жеп чыгышат.
ФАП авариялык абалда турат. Бала бакча куруп бергиле десе адам саны аз деп жатышат. Муктажык күч, жаштар жумушка башка айылга кетишет, кары-картаңдар балдарды карап калышат. 3 жаштагы бала арыкка түшүп каза болду. Мындай учурлар көп катталган буга чейин. Ошого көзөмөлгө алып бала бакча куруп беришиңиздерди суранды.
Облус башчысы аким өзү бардык мекеме, ишканалардын кызматкерлери менен барат, маселелерди карай турганын айтты. Анан бала бакча боюнча элдин саны жетпесе мен фонддор менен сүйлөшүп ФАП менен бала бакчаны чечип беришерин белгиледи. Анан мектептин ашканасын Билим берүү министрлигинин титулуна киргизиш керектигин белгиледи.
Баткен районунун Төрт-Гүл айыл өкмөтүндөгү жыйын:
25-майда Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагында жолугушуу уюштурулду. Жыйында Чоң-Талаа айылынын тургуну Марипат Талибаева стратегиялык жол катары саналган Жибек-Жолунда жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар каралбагандыктан талапка жооп бербей тургандыгын айтты. Андай жолдон улам бала бакчасына каттагандар үчүн коркунуч жаралып жатат.
Ошондой эле аталган айылдын 27-участкасы жаңы конушка электр энергиясы жетпей жатат. Болбосо мамылардын орнотулагына 1 жыл болду. Бирок электриктер чубалгы тартуу элдин милдети деп коюшту.
Мындан сырткары Кош-Моло участогунан жаштарга жер тилке берүү үчүн 150 гектар жерди трансформациялоого берилгенине 5 жыл болду. Ал да бүтпөй турат.
Аны менен бирге биздин айылда бир балдар бакчасы бар. Аны эч кандай балдар ойноочу аянтчасы жана башка шарттары жок.
Мындан сырткары Чоң-Талаа айылында жаштарды кызыктырган маданият үйү же спорт зал, сейилдөөчү парктар жок.
Андан кийинки эң оор маселе миграция. Жаштар аргасыздан кетип жатышат. Анткени жер кенен болгону менен сугат суусу жок. Айыл чек ара деген макамды алганы менен эч кандай жардам жок.
Облус башчысы Мамыржан Рахимов жол коопсуздугу жана балдар бакчасынын маселеси боюнча район акими жана айыл өкмөт башчысына көйгөй менен жеринде таанышууну, жаңы конушка электр чубалгыларын тартуу боюнча тапшырмасын берди.
Баткен районунун Чоң-Талаа айылында 400гө жакын кожолук жашап, 1800гө жакын тургун бар.
Чек айылынын тургуну таза суу маселесин көтөрдү. Суу түтүктөр 1970-жылдан бери алмаштыра элек. Сууну ичкен балдардын ичи ооруйт. Айла жок кайнатып беришет.
Облус башчысы бул айыл өкмөттө 7 айылда тең таза суу алып келүү иши башталып жатканын, бардык айылда таза суу маселеси чечилерин айтты.
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Ак-Турпак айылынын тургуну Абдирасул Момунов 2 маселени көтөрдү. Кожошкен дарыясындагы башкы суу бөлүштүрүүчү жерден Кадамжай районунун Ак-Турпак, Бүргөндү талаасына чоң көлөмдө суу алынат. Ошол суу бөлүштүрүүчү жердеги дамба союз мезгилинде жөнөкөй эле шагыл менен тосулган. Ал жерде авариялык жерлер бар аны оңдош керек.
Мырзакул Шадыбеков Баткен районунун Жаңы-Жер айылына салынып жаткан 500 орундуу жаңы мектептин аталышы боюнча талаш-тартыштар жаралып, ар кандай басым болуп жатканын белгиледи. Өткөн жылы мектеп жамааты жаңыдан курулуп жаткан мектептин аталышын Ишенаалы Арабаев болсун деп чечим чыгарып, жергиликтүү кеңеш колдогон. Бул сунуш министрликке дагы жөнөтүлгөн. Акыркы күндөрү бул сунуш четке кагылды Башка бирөөлөр башка бир адамдын дегендин атын коёсуң деп басым кылып жатат.
Бул боюнча тиешелүү укук коргоо органдары арыз менен кайрылса, бул маселе чечилери айтылды. Ошондой эле билим берүү мекемесине ысым ыйгарууда жергиликтүү жамаат бир чечимге келип, элдин сунуш эске алуу менен ысым берилери белгиленди.
- Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагындагы жолугушуу:
25-майда Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагында жолугушуу уюштурулду. Жыйында Жаңы-Жер айылынын тургуну Бекболот Табалдыев тез жардам унаасынын көйгөйүн айтты. Жаан-чачын жааганда тез жардам унаасындагы ток урат адамды. Узун адам жатса буту чыгып калат.
Айылда эски Хрущёвдун маалындагы клуб бар. Аны заманбап кылып куруу керек.
Анан Суу-Боюнда гимназия деңгээлинде бир мектеп жок. Сталиндин доорунда салынган 2 мектеп бар. Заманбап мектеп салуу керек.
Жергиликтүү дыйкандар 100 пайыз күрүч өстүрөт. Дары, жер семирткичтер кымбаттап кетти.
Дубан башчысы тез жардам боюнча маселени өзү караштырып чыгарын айтты. Спорт зал, мектеп титулга киргизилерин белгиледи.
Анан жер семирткичтер, күйүүчү май Айыл чарба министрлигинен арзан берилип жатат. Өзбекстандын Фергана облусу менен облустук деңгээлде сүйлөшүү жүрүп жатат. Бир күндө 150 тоннадай келди. Муну дагы күчөтүп туруп бул маселе чечилет.
Жер маселесин көтөргөн келин:
Өрүкзар айылынын тургуну Саадат Ахмедова жер маселесине токтолду. Айылда үлүшү жок жарандар көп. Алалы десе «аукционго катышасыңар, ошондон утуп анан ижарага аласыңар» дешет. Ага чамасы жоктор көп. Айласыздар ар кимдин үйүндө жалданып иш кылып жүрүшөт. Өзүнүн үлүшү болсо ошону иштетип тиричилик кылышмак. ААйыл өкмөт ушул айылдагы кыйналган, үлүшү жокторго бир 10 гектар берсе, жакшы болмок. 50 сотыхтан болсо да берсе, тиричилик кылышмак.
Анан жер ажыратылды цех, бир ишканаларга деп. Ушундай чакан ишканалар курулса, айылдагы кыз-келиндер жумуш менен камсыз болушса. Азыр жумушсуз отургандар көп.
Облус башчысы Мамыржан Рахимов бул боюнча айыл өкмөт башчысына тапшырма берди.
Пидап кени боюнча маселе:
Жетиген айылынын тургуну Жаныбек Тойчиев Баткендеги Пидап аймагында газ боюнча маселени көтөрдү. Пидап участкасында 500 млн куб жаратылыш газы бар экени аныкталган. Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинен 354,15 млн куб газдын бардыгы анык деп аныктама келген. Бул бир эле Ак-Турпак айыл өкмөтүнө эмес, керек болсо Баткен району боюнча камсыздай алат. Ош облусун кошкондо 50 жылга жете турган запас бар деп аныкташкан.
Облус башчысы Мамыржан Рахимов бул боюнча Өзбекстан менен да сүйлөшүлөрдү жүргүзүп жатышканын айтты. Анан бул союз учурунда газ алып турган айылдар бар. Ошолорду кайрадан ремонттон өткөрүп, газды кайра берип көрөлү деп жатышат.
- Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүндөгү жыйын:
28-май күнү Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушуу уюштурулду. Жыйында Бужум айылынын тургуну таза суу маселесин көтөрдү. Скважина капиталдык оңдоого муктаж.
Облус башчысы Мамыржан Рахимов анын долбоорун карап чыгууну табыштады.
Бужум айылында 11миң 500гө жакын адам бар.
Сугат суу маселеси:
Жыйында Кара-Булак айылынын тургуну Нурбек Балташев 10 жыл мурда район аймагына таанымал болгон Кара-Булак айылынын картошкасы эми айыл элине да жетпей жатканын, анткени сугат суу тартыштыгы күчөп, картошка түшүм байлаган убакта суусуз калып жатканын айтты. Айылдан 3-4 жерге скважина чыгаруу керек.
Сай, жолдун чети таштанды болуп кетти. Ушуга таштандыга бир жай кылуу керек. Электр чубалгылар кайсы убакта курулган болсо ошондон бери жаңыланган эмес.
Облус башчысы акимге аталган айылга барып, маселени чечүүнү тапшырды.
Баткен районунун Алтын-Бешик айыл өкмөтүндөгү жолугушуулар:
28-майда Баткен районунун Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн тургундары менен жыйын өттү. Жыйында Газ айылынын тургуну Кабыл Зайналов сугат суу, үлүш жер маселесин айтып чыкты. Сугатка суу жетпей жатат. Элге үлүшкө жер жок болуп жатат. Тургундар ар жакка көчүп кетип жатышат. Жер сатып алайын десең 3 млн сомго чыгып кетти. Жер ала албай балдар карып кетишти.
1-2 ай мурда Газ айылына кыргыз каналдары үчүн телемунара коюлган. 1-2 күндүн соң иштебей калган.
Баткен районунун акими Данир Иманалиев 2 скважинага тендер жарыяланганын айтты. Ал эми телестанциясы 1 жума ичинде оңдотуларын айтты.
Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагындагы жыйын:
3-июнда Баткендин Кара-Бак айыл аймагынын жашоочулары менен жолугушуу өттү. Жыйында Кызыл-Бел айылынын тургуну Мастура Надирова Баткен районундагы скважиналарды республикалык бюджетке өткөрүп берүүнү суранды.
Ошо менен катар Момунов айылында суу долбоору бүтүп, облустук архитектуранын экспертизасынан өтүп, мамлекеттик экспертизада турат. Ал жерге чейин электр энергиясы барган. А калган жагында суу да электр энергиясы жа, жол да жок.
Облус башчысы электр энергиясын камсыздоо үчүн сунуштарды беришерин айтты.
- Жолдошбай Момунов айылы район борборунан 13 чакырым алыстыкта жайгашып, Тажикстандын Исфара району менен чектешип турат. Айылдын жалпы аянты 350 гектар. Чек араны бекемдөө максатында 2014-жылы 600 кожолукка турак жай куруу үчүн жер бөлүнүп берилген. Айылда бир дагы соцобъект жок. Суу, жол, электр энергия маселелери чечиле элек. Учурда 100дөй үй салынып, ондогон кожолук жашап жатат. Окуучулар кошуна Кызыл-Бел айылындагы мектепке каттап окушат.
- Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүндөгү жыйын:
4-июнь күнү Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушуу уюштурулду. Жыйында Рават айылынын тургуну БСР куруу маселеси көтөрдү. Эгерде суу кампа курулса, 4 миң гектар жер сугат суу менен камсыз болмокчу.
Ал буга катар эле пенсия аз экенин айтты. 7-8 миң сомго 5 миң сом кошуп койсо, эл туруктуу жашап калмак.
Облус башчысы БСР боюнча маселени жеке көзөмөлгө аларын айтты.
Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүндөгү жыйын:
Мамыржан Рахимов 4-июнь күнү Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушту. Жыйында Рават айылынын тургуну Каныбек Асанов жоюлуп кеткен топоз чарбасы боюнча маселени козгоду. Бир кезде топоздун саны 1000ге чыкты эле. Бул элдин үлүшү эле, аны караган кишиге «Даңк» медалы да берилген. Азыр эми ошол кишинин баласына өткөн. Ал карай албайм деп башка бирөөлөргө өткөрүп берген эле. Ошол 1000дей топоздун 300-400дөйү калыптыр. Бул элдин үлүшү. Аны болсо топоз мафия кылып алышты.
Чоңдор топоз боюнча ооз ачкандарды бир жерге чогултуп, “эми топоз боюнча сүйлөбөгүлө” деп кысымга алган. Бизде прокуратурага кайрылуу катыбыз турат. Бул үлүштү мамлекет элдин акысын карай албайт, мыйзамда ошондой экен. Эл өзү чечиш керек экен. Муну элге кайтарып берсин же эл бөлүп алсын.
Экинчи маселе Рават менен Ак-Татырдын ортосундагы жерге 70 миң гектар такыр суу жетпеген кайракы жер турат. Ошол суу боюнча Катраң айылында, жылына 30-35 куб суу агат Козу-Багланда. Ошонун 5 эле кубун Лейлек колдонот, калган 30 кубу кошуна өлкөгө кирип кетет. Аны колдонуунун долбоорлору да түзүлгөн.
Топоз боюнча Баткен РИИБ буга чейин карап, тергөөчүлөр тоодон 700дөн ашуун топоз калганын эсептеп келишкени айтылды. Бул иш азыр жабылган.
Алты-Адыр айылынын тургуну Өмүрбек Мирзаев жаңыдан түзүлгөн Алты-Адыр айылына өзгөчө макам берүү жана айылга социалдык объектилерин куруу маселелерин айтты. Айылда 300-400 кожолук бар. Мектеп, бала бакча ФАП куруу керек керек. Ар бир үйдө 4-5тен окуучу бар. Алар башка айылдарга каттап окушат.
Ага облус башчысы айылга статус берилерин айтты. Президентин 2027-2028-жылдары мектеп, бала бакча маселеси калбасын деген тапшырмасына ылайык титулга киргизип, мектеп, бала бакчалар куруларын кошумчалады.
- Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушуу:
8-июнь күнү Самаркандек айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушуу уюштурулду. Жыйында жергиликтүү тургун 6000 баш малга 1800 гектар жер тар болуп жатканын айтып, союз убагында колдонуп келген жайыт жерлерин кайтарып алууну суранды. 3220 гектар жайыт жерибизди Лейлектин «Арка 2» токой чарбасы алган. Аны мурда элеттиктер пайдаланчу. Аны кайра артка кайтарып берүүнү суранды. 6000 малы бар Самаркандекте бар болгону 1800 гектар жайыт жери бар. Бул жер 1000 баш малга да жетпейт.
Ага облус башчысы бүгүнкү күндө 3000 гектар жери «Арка» токой чарбасынын балансында турганын айтты. Бул жер «Арка» токой чарбасы түзүлгөндө өткөн. Ага чейин бул жерлер Самаркандекке деле караган эмес, бирок жашоочулары колдонуп келишкен. Туура Самаркандек айыл өкмөтү пайдаланган короолор бар. Самаркандек айыл өкмөттүн пайдалануусунда 3200 гектар жер турат. Бирок чек арасы бүгүнкүгө чейин тактала элек. Бул маселе өкмөттөн чечиле турган нерсе. Маселени өзү көзөмөлгө алып, анан кабарын айтмак болду.
Паскы-Арык айылынын көйгөйлөрү:
Паскы-Арык айылынын тургуну Бакытбек Төрөбаевд ичүүчү жана сугат суу маселеси курч бойдон калып жатканын билдирди. Ичүүчү жана сугат суу көйгөй жаратып жатат. Сугат суу Тажикстан аркылуу келгендиктен, үзгүлтүккө учурайт. Күн сайын 10 адам кезекке турат.
Паскы-Арыктын Ууч деген жери бар. Кошуна өлкөнүн арыгынан насос коюп алышкан. Бирок ал жакка зым тартылгандыктан арыктар бекилип калып жатат. Кирип ачып ала алышпайт.
Ошондой эле Паскы-Арыкта спорт комплекси үчүн жер даяр. Каржы маселеси гана калган.
Облус башчысы Мамыржан Рахимов спорт комплекси боюнча суроого жооп берип, учурда биринчи кезекте мектеп жана бала бакча маселелерин чечүү аракети көрүлүп жатканын айтты.
Баткен райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы Султанбек Эрматовдун айтымында, Кайырма жана Паскы-Арык айылдарына келген суу Тажикстандын айылдары аркылуу өткөндүктөн, маселе жаралууда.
Майып балдардын реабилитициялык борбору:
Самаркандек айыл аймагынын тургуну Нургүл Токтомушева аймактагы 70тен ашуун майып балага калыптандыруу борбору керектигин айтты. Самаркандек айыл өкмөтүндө мүмкүнчүлүгү чектелген 70тен ашуун бала бар. «Үмүт» борборуна 6 жашка чейинки балдар кабыл алынып калды. 6 жаштан жогорулар эч жакка барбай калышты. Башка реаблитациялык борбор ачуу керек.
Облус башчысы айыл өкмөтү жер берсе 18 жашка чейинкилерге реаблитациялык борбор деп ачууну сунуштады. Облус жетекчилиги каржы жаагын мамлекеттен же фонддордон карап берет.
- Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагындагы жолугушуу:
11-июнда Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагынын тургундары менен жолугушуу өттү. Жыйында Айкөл айылынын тургуну Наби Жороев жол маселесин көтөрдү. Алтын-Бешик жайлоосунда 15 чакырым жол бар. Ал жерде застава бар, лагер бар. Аны менен катар ички туризмди жанданткан жергиликтүү тургундардын эс алуу жайлары бар. Ар ким өзүнүн шартына жараша оңдоп-түздөп жатат. Бирок бир эле жери жол жакшы болбой жатат. 2 унаа батпайт. Жолду оңдош керек.
Карьерге каттаган оор жүк ташуучу унаалар Айкөл—Раззаков жолун талкалап жатат. Жол тейлөө ишканасы тарабынан чектөө коюлуш керек эле. Жүктүн көлөмүнө көзөмөл же жол эрежелерин коюш керек эле.
Бул боюнча Лейлек районунун акими Асылбек Жеңишбек жакынкы арада акча каралса, грейдер менен жол тегизделерин айтты.
Солярканын айынан тил уккан жетекчи:
Жыйында жергиликтүү тургун арзандатылган күйүүчү майды дыйкандар пайдалана албай жатканын айтты. Жергиликтүү бийлик эл жер айдап, эгин эгип, үрөн сээп койгондон 20 күндөн кийин «арзан сольярка бар» деп жазышты. Дыйкандар 1 литр дагы арзан май алган жок.
Айыл чарба тармагынын адиси Тогуз-Булак айыл өкмөтүндө 10 тонна солярка бар экенин айтты. Дыйкандар «заявка» берсеберилет. Районго 50 тонна солярка келген.
Облус башчысы жергиликтүү жетекчилер элге маалымат таратпай жатканын айтып урушту.
Бөзөгүл айылынын тургуну сугат суу жана таза суу маселеси чечилбей жатканын айтты. Жергиликтүүлөр ашар жолу менен 3 чакырымга түтүк жаткырып, бирок майнап чыкпай келет.
Ага олус башчысы мамлекеттик деңгээлдеги фонддордонбу акча карап суу маселесин чечип берерин билдирди.
Айылга берилбей жаткан макам:
Бөзөгүл айылына тоолуу, чек арадагы айыл статусу берилбей, тургундарга жөлөк пул берилбей жатканы айтылды. 2026-жылдын 1-январынан баштап, бийик тоолуу чек арадагы айылдардын тургундарына, 3 жашка чейинки ар бир үчүнчү балага айына 3000 сомдон жөлөк пул чегерилген. Ал токтомдун негизинде, 3000 сомдук жөлөк пулду Тогуз-Булак айыл аймагындагылар алып жатат. Бирок Бөзөгүл айылы албай жатат. Анткени бул айыл мурда Курбаналы Сабыров болуп, статус алып жүргөн. Кийинчерээк Бөзөгүл деп өзгөргөнүнө байланыштуу статус маселеси чечилбей келет. Анан жаш келиндер кол топтоп, тиешелүү жактарга кайрылуу кат берген. Бирок эмнегедир жооп жок. Ошондуктан Бөзөгүл айылынын статус маселесин чечиш керек.
Лейлек районунун акими Асылбек Жеңишбек бул маселе боюнча министрликке кат жөнөтүшкөнүн белгиледи.
- Раззаков шаарындагы жолугушуу:
11-июнда Раззаков шаарынын тургундары менен жолугушуу уюштурулду. Жыйында Лейлек районундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга калыптандыруу борбору керектиги айтылды. «Кулунчак» бала бакчасы 35 баланы гана кабыл алат. Калган 200дөй бала бара турган борборлор жок. Райондо майыптыгы бар 200дөн ашуун бала бар.
Экинчи маселе невролог, трамватолог, психологдор жок. Жаштарды ротация жолу менен алып келиш керектиги айтылды.
Саламаттыкты сактоо тармагынын Баткен облусундагы координатору Арзыбек Бөрүбеков «экстренный» учурларда Бишкектен Оштон адистерди алып келишерин айтты. Ал эми хроникалык оорулар болсо жылына 1-2 жолу адистерди алып келип турушат. Тизме кылып, башкы дарыгерге берсеңиздер, ошого жараша адистерди чакыртышат.
Облус башсысы Мамыржан Рахимов бул маселе боюнча министрликке сунуштарды бере турганын жана кадрларды тартуу боюнча тиешелүү тармакка иш алып барууну буйруду.
3 эсе көп окуучу барып жаткан мектеп:
Раззаков шаарындагы Ысык-Көл орто мектебинде нормадан 3 эсе көп окуучу окуп жатканы белгилүү болду. Класстык бөлмөлөрдүн жетишсиздигинен окуучулар актылык залда 3 нөөмөт менен билим алышууда.
Раззаков шаарынын мэри Данияр Кенжебаев ал жерге кийинки жылы 250 орундуу жаңы мектеп салынарын айтты.
Ысык-Көл орто мектеби 40 жыл мурун бала бакча болуп салынган. Кийин орто эмес мектеп макамы берилип, андан соң орто мектеп макамы ыйгарылган.
Стадион боюнча маселе:
Раззаков шаарынын тургуну Кудайберди Куралбаев 242 млн сомго салына турган стадиондун курулушу башталбай жатканын айтты. Шаардагы борбордук стадион талаптарга жооп бербейт. Андыктан жаңыдан салынчу стадиондун жер, долбоор маселелери чечилип, акча бөлүнбөй турат.
Лейлек районунун акими Асылбек Жеңишбек Раззаков шаарында жайгашкан башкы стадион боюнча мэрия иш алып барып жатканын айтты. Бүгүнкү күндө ал стадиондун долбоору даяр, экспертизадан өткөн. Жалпы суммасы 242 миллион сом. Мэрия тараптан 3 тараптуу келишим түзүлгөн. Бирок кандайдыр бир себептер менен бүгүнкүгө чейин иш токтоп калды.
Мамыржан Рахимов 240 млн сомду чечсе, күзгө чейин иш башталарын айтты.
Чек арадагы үйлөрдүн маселеси:
Жыйында Ак-Босого айылынын тургуну Мавлян Аширов үйлөрү чек ара тилкесине жакын жайгашып калганы боюнча маселе көтөрдү. Чек ара айылдан өттү. Ошого 7 үй чек арага кирип калды. Чек ара зымына 10 метр аралыкта курулуш болбошу керек деп айтылды. Анда кээ бирлердин тамдарыбыз, короо-сарайларыбыз кирип калган. Азыр ошол зымга жакын үйлөрдү «Убактынча жашап тургула. Үй салса көчөсүңөр» деген. Кээ биринде жарты там, дагы биринде тамы да жок жери да жок болуп калды. Ушул маселени чечиш керек.
Анан ичүүчү суу айылдын үстүнөн барган эле. Аскерлердин техникасы тебелеп, тегиздеп, чукулап бүт бузуп салды. Айыл ичүүчү суусуз калды.
Дубан башчысы мэрге суу боюнча маселени карап чыгып суу келип турган болсо 10 күн ичинде маселени чечип берүүнү табыштады.
Жер боюнча боюнча тапшырма келген. Лейлекте мындай 16 үй бар, Баткенде болсо 8 үй бар. «24 үйдү салып бергиле» деп тапшырма келген. Бул жакын арада башталат. Короо-сарайлар боюнча да компенсация каралган. Курулуш жакын арада башталат.
Жөлөк пулду көбөйтүүнү сурангандар:
Тогуз-Булак айыл аймагынын тургуну Курсанай Шамуратова майыптыгы бар балдардын апаларына берилчү жөлөк пулду көбөйтүү, реаблитациялык борборлорду ачуу, аларга МИКтен кезексиз жеңилдиктер менен үй берүү маселесин көтөрдү. Мамлекет тарабынан бизге 8 миң сом акча берилет. Ал акча бизге эч нерсеге жетпейт.
Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын асистент апаларына кезексиз үйлөрдөн берүүсүн өтүндү.
Облус башчысы азыр мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга калыптандыруу борборун салуу маселеси каралаып жатканын айтты. 8 миң сом жөлөк пул боюнча жогору жакка сунуш берилет. Быйыл Раззаков шаары МИКке планга кирди. Жер маселесин чечип беришти. МИКтин үйлөрү салына баштайт. Анан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге карталары бар.
Жер тилкелердин документи:
Кара-Булак айылынын тургуну жер маселесин көтөрдү. Кара-Булак айылында 2017-жылы жер чечилген. Токтом чыгып, элге бөлүп берип, 2017-жылы чек баары алган. Ушул маселе негедир 9 жылдан бери чечилбейт. Архитектура баарынан акчасын алган. Эми документин тууралады.
Тогуз-Булак айыл өкмөт башчысы Сүлүктү-Кенчи участкасы менен чектешкендиктен аймактык-административдик реформа болгонго чейин бул жер Лейлек менен Сүлүктүнүн ортосунда сотто талаш болуп келген. Анан аймактык-административдик реформадан кийин чекит коюлду. Бүгүнкү күндө элге токтомдордун баарын берип жатышат. Архитектуралык документтерин тууралап жатышат. Азыр иш Архитектура тарапта калды.
Балдарды азапка салган жол:
Тогуз-Булак айылынын тургуну Каныбек Жанжигитов айылдагы борбордук жол оңдоого муктаж экенин белгиледи. Айылдагы мектепке балдар 3 чакырым жолду басып барып келишет. Анда дагы ылай-чаңда барып келишет. Асфальт төшөп, балдар баса турган кылып берсе. Себеби балдарга сентябрдан майга чейин ар айда ботинка алып беришет.
Облус башчысы Мамыржан Рахимов бул жол боюнча тапшырма берилгенин билдирди. Эми гейдер менен тегиздеп турушат. Аны өзүм көзөмөлдөп турат.
Курулушу бүтпөгөн бала бакча:
Жыйында жергиликтүү тургундардын бири курулушу бүтпөгөн бала бакча боюнча маселе көтөрдү. Тогуз-Булакта 2017-жылы бала бакча салынып баштаган. Андан бери бир жаңы бала бакча салынды. Эмнеге ушунча жылдан бери курулушу бүтпөйт? Астында ашар жолу менен курулган 3-класска чейин билим берген эски мектеп бар. Анан ӨКМ азыркы бала бакчага уруксат бербейт экен. Ушул маселени карап бериш керек.
Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын айтымында, аталган бала бакчаныны курулушу 2019-жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен башталган. Ал сел арага курулуп калгандыктан ӨКМден корутунду алуу бир аз кыйын болду. 21-мартта өзгөчө кырдаалдар министри өзү келип, жеринде көрүп кеткен. Анан "мүмкүнчүлүгүңөр болсо, жергиликтүү бюджеттен коргоо зоналарын кургула" деген. Болжол 3 млн сомдон ашык акчага тендер жаряланып, бетон куюла турган болуп жатат. Ашар жолу менен торлор орнотулат. Азыр бюджеттен жумушка 300 миң сомдой акча бөлүнөт.
- Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагындагы жолугушуу:
24-июнда Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын тургундары менен жолугушуу өттү. Жыйын учурунда Достук айылынын тургуну, жалгыз бой эне Сырга Алимбаева 18 жылдан бери жер тилкесине байланыштуу маселесин чече албай жүргөнүн билдирди. Анын уулу Улан Алибаевге 2008-жылы жер тилкесине болгон укукту ырастаган кызыл китеп берилгенине карабастан, ушул күнгө чейин жер бөлүнүп берилген эмес.
Бул маселе боюнча Мамыржан Рахимов тиешелүү кызматкерлерге тапшырма берип, кызыл китепте көрсөтүлгөн жердин контурунан ылайыктуу тилке бөлүп берүү маселесин кароону тапшырды.
2 уулу камалган аялдын даттануусу:
Арка-2 айылынын тургуну Кайрыл Айбалаева 2025-жылдын октябрь айында 2 баласы камакка алынып, аларды бошотуу үчүн 5 млн сом төлөгөнүн айтып берди. Муну менен катар ал кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу учурунда келини менен небереси снаряддын жарылуусунан жаракат алып, 7 жолу операция жасалганын билдирди. Үй-жайы, дүкөнү кыргыз-тажик жаңжалында өрттөнгөн. Аны кайра калыбына келтирүү үчүн 7 млн сом насыя алган. Эми ошол насыяга кошо дагы 5 млн сом карыз болуп калды. Ал бул иш боюнча жаңы жагдайларга байланыштуу арыз жазганын, аны мыйзам чегинде карап берүүнү суранды.
Бул маселе боюнча Баткен облустук прокуратурасы маалымат берип, камакка алынган 2 бир тууганга аткезчилик фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун жана алар өздөрү күнөөсүн моюнга алышканын билдирди.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Ал эми жаңы жагдайлар боюнча арыз түшкөн болсо, иш мыйзам чегинде көзөмөлгө алынарын билдирди.
Дарыгер кыздын суранычы:
Баткен районунун Самаркандек жалпы дарыгерлик практика борборуна караштуу Көк-Таш жалпы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда дарыгер болуп иштеген Айпери Самидинова жашоо үчүн тийиштүү шарттар түзүлбөй жатканын айтып чыкты.
Өзүнүн айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан аймактардагы кадр тартыштыгын жоюу максатында ординатураны бюджеттик негизде аяктаган бүтүрүүчү катары 2 жылдык милдеттүү иштөөгө Баткен районунун Ак-Сай айылына жиберилген. Учурда 8-9 миңге жакын калкты тейлеген медициналык мекемеде 4 дарыгердин ордуна жалгыз өзү эмгектенип жатат. Ага турак жай катары тажик тараптан өткөн бир үйдү беришкен. Бирок ал жерде суу жана башка турмуштук шарттар жок болгондуктан жашоо кыйын болду. Ошондуктан аргасыздан оорукананын бир палатасында жашап келген. Жөнөкөй эле жуунуп алып үчүн мончого же шарты бар бирөөнүн үйүн суранып жүргөн. Жок дегенде инвентаризациядан чыгарылган стол, стул болсо да бергиле деп суранып келдик. Ал деле жок.
Ага айыл өкмөт тарабынан 10 литрлик суу жылыткыч жана суу чыгаруу үчүн насос орнотулган. Бирок 2 жылдык милдеттүү иштөө мөөнөтү да аяктап калды. Эгер жашоо үчүн тийиштүү шарттар болбосо, ишти улантуу кыйынга турат. Ошондуктан анын өзүнөн кийин келе турган дарыгерлер да ушундай кыйынчылыкка туш болбошу керек.