Turmush — Баткен районуна караштуу Жаңы-Достук айылынын 59 жаштагы тургуну Махмут Байдиев күнөсканада бадыраң өстүрүп жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, бул айылга чек арадагы Достук айылынан көчүп келген. Быйыл март айында 3 сотых жер тилкесине бадыраңдын экватор сортун отургузган. Бүгүнкү күндө алынган түшүм айыл тургундары тарабынан алынып, ошондой эле жергиликтүү базарларга да жеткирилүүдө.
«Жаңы айыл, жаңы жер. Бак-дарак эч нерсе жок. Жан багыш керек. Мамлекет биздин ошол жакта калган мончо, ашкана курулуштарыбыздын ордуна акча төлөп берген. Ошол акча каражатка ущул күнөскананы курдук. Жалпысынан 800 миң сомдой кетирдик. Сыртта жерден суу чыгардык. Бул жакка ичүүчү чыгарылган. Аны бул жакка иштетпейли деп суу чыгарганбыз.
Март айында Оштон ушул сорттогу бадырыңдын көчөттөрүн алып келгенбиз. Апрелдин башынан бери терим башталды. Бул сорт жакшы экен, 8-10 кг берет деп жазылган. Бирок бизге 5-6 кг берсе да жакшы болот.
Буга чейин эски айылда жүргөндө кошуна күнөсканасын 1 жыл иштетпей калып бизге бергенде бадыраң өстүрүп көргөн элек. Жакшы киреше тапса боло турганын билгенбиз. Анан бул жакта чакан аянттан киреше алуу жолу ушул күнөскана экен. Дагы майдын аягына чейин түшүм алабыз. Баштап 10 кг алып жатсак, азыр 100 кг чейин алып жатабыз. Бул сорт 2 ай түшүм берет экен.
Башта көмүр жагып жатканбыз. Азыр эми күн ысыганда шамалдатып жатабыз. Базарда жакшы алынып жатат. Анткени башка жактан келген бадырыңдар соолуп зыян тартып калат. Баасы 100 сомго түштү. Соолубай суулуу болуп турат. Айылдагылар да жакшы алып жатышат. Күн ысыганда сууну көбүрөөк берип жатабыз», - деди ал.
Жаңы-Достук айылына Достук айылынан көчүп келген жашоочуларга 20 сотыхтан жер тилкелери берилген. Махмуд Байдиев учурда 3 сотых жерге күнөскана, үйдөн сырткары короо салган. Дыйкан учурда 2 уул, 2 кыздын атасы.
Буга чейин 2025-жылдын октябрь айында Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагына караштуу Чет-Булак аймагында жаңыдан негизделген Жаңы-Достук айылынын тургундары өз үйлөрүнө көчүп келе башташганы кабарланган. Акимчилик жаңы конуштагы үйлөр бардык зарыл шарттар менен камсыздалып, көчүү иштери иреттүү түрдө жүргүзүлүп жатканын билдирген. Көчүүнү жеңилдетүү максатында атайын техникалар тартылып, жүктөрдү ташууга жардам көрсөтүлгөн.
Жаңы-Достук айылы чек ара жаңжалдарынан кийин негизделген жаңы конуштардын бири болуп саналат.
2025-жылдын август айынын аягында Turmush басылмасы Жаңы-Достук айылында ички жолдордун, ошондой эле мектептин, бала бакчанын жана ФАПтын курулушу башталганын жазган. Ал эми октябрь айынын ортосунда бул конуш электр энергиясына туташтырылган.
Достук айылын көчүрүү маселеси:
2025-жылдын 6-мартында кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан Достук айылы Баткен районунун Бужум айылына көчө турганы белгилүү болгон. Баткен районунун акими Данир Иманалиев айылдагы 71 кожолук Бужум айылындагы Промзона аймагына (Чет-Булак кварталына чектеш) көчүрүлөрүн айткан. 71 үй-бүлөгө 5 сотыхтан жер берилип, үй салынат. Мындан сырткары документи бар жери бар үй-бүлөлөргө 5 сотыхтан кошумча жер берилмек болгон. Достуктун тургундарына Кызыл-Бел айылынан айыл чарба багытындагы 10 сотыхтан жер каралган.
«Аныктап чыктык, катталган 71 үй турат. Ошол 71 үйгө 5 сотыхтан 71 жер тилке берилет. Андан сырткары мамлекеттик актысы аныкталган 71 үй-бүлөгө 5 сотыхтан жер берилет. Анан менин 10 сотыхтан, 20 сотыхтан жерим бар эле деген болбойт. 5 эле сотыхтан берилет.
Андан сырткары айыл чарбага Кызыл-Бел айыланан 90 гектар жер бөлүнөт. 10 сотыхтан берилет. Анан 2-3төн жери барлардын мамлекеттик актысы болсо, тууганына каттаган же дагы башкага, аларга да 5 сотыхтан берилет», - деген аким.
Облус башчысы Айбек Шаменов жергиликтүүлөр макул болгон аймакка курулуш башталып, 3-4 айда толук аяктап, эл көчүрүлөрүн билдирген.
«Азыркы жолугушууда биздин сунушка баары ыраазы болду. Бужум айылына көчөт. Курулуш 2-3 жумада башталып, 3-4 айда аяктап, көчүрүп алып кетебиз», - деген Шаменов.
Учурда Достук айылында 35 кожолук туруктуу жашап, калгандары башка жактарда жашап жатат.
«Азыркы учурда Достуктун тургундары толугу менен макул болду. Бужум айылында 5 сотых жерге үй салып, дагы 5 сотых жер берет экен. Андан сырткары 10 сотых айыл чарбага берилет экен. Анан өздөштүргөн жерлери боюнча кийинки этаптар дагы каралат экен. Азырынча жакшы.
Өзү эл Баткенге кетиши керек эле. Акыркы күндөрү эч ким дагы жашабай калган. Айыл башчы катары айтайын, азыр көпчүлүгү чогулушка эми келди. Баткенде, Бишкекте, Бужумда жашагандар бар. Азыр эми үй салына турган жер маселеси чечилди», - деген Достук айылынын башчысы Адалат Айтбаева.
Жыйында 2-3 баласынын үй-бүлөлөрү менен чогуу турган жашоочулар жер аянтын көбөйтүүнү суранышты. Айрымдар жаңы үйгө барган соң жашообузду улантып кеткени кенемте да берсе деген ойлорун айтышкан.
- Кийин 8-мартта тургундардын сунуштары боюнча маселе кайра каралып, аларга 30 сотыхтан бөлүү чечими кабыл алынган.
Достуктун тургундарына бөлүнө турган жерлер:
- 10 сотых жер бөлүнүп, ага үйлөр курулат;
- Дагы 10 сотых жер келечекте үй куруу үчүн бөлүнөт;
- Баткен районунун Кызыл-Бел айылынан айыл чарбасы үчүн 10 сотых жер бөлүнөт.
14-мартта Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында Достук айылынын тургундары үчүн курулуучу жаңы үйлөрдүн капсуласы салуу иш-чарасы өткөн.
Маалым болгондой, аталган квартал Баткен шаарынан 7 чакырым алыстыкта жайгашкан. Чет-Булак кварталына жаңыдан «Баткен сити» комплекси курулуп, жыл аягына чейин Баткен облустук администрациянын имараты салынып бүтөт. Азыркы учурда аталган аймакка чоң трассанын курулушу жүрүп жатат.