Turmush — Жети-Өгүз районунда айыл аралык жолдорду оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалыматка караганда, №35 жол тейлөө мекемеси тарабынан капиталдык салымдар беренесинин алкагында Сүттүү-Булак–Боз-Бешик–Мундуз унаа жолунун Ак-Дөбө–Мундуз тилкесинде 4,5 чакырым аралыкка асфальт төшөө иштери аткарылууда.