Turmush — Ош шаарында киберспорттогу «Counter-Strike 2» оюну боюнча республикалык чемпионат башталды. Бул тууралуу Ош шаардык маданият башкармалыгынын жетектөөчү адиси Илим Алмаматов билдирди.
Маалыматка карагада, Ошто алгач ирет өтүп жаткан мелдешке 20 команда ат салышууда. Бул мелдештин өткөрүүнүн максаты – жаштардын региондор аралык ынтымагын бекемдөө, киберспортчуларды, киберспорт сүйүүчүлөрдүү колдоо болуп саналат.
«Бул мелдеш Ош шаарында алгачкы ирет өткөрүлүп жатат. Байге фонду 100 миң сомду түзөт. Мындан сырткары киберспорт сүйүүчүлөр тарабынан сертификаттар даярдалган», - деди ал.
Оюндун башкы калысы Азат Акимбеков белгилегендей, командалар бири-бири менен өз ара оюндарды өткөрүшүп, жеңген команда жадыбалдын жогорку жагына, жеңилгенги төмөнкү жагына түшө берет.
- Counter-Strike 2 (CS2) — компьютердик оюн. Анда оюнчулар командага биригип, эки жаат болуп, аскердик атышуу мелдешине түшүшөт.