Turmush — Ош шаарында токтоп турган унаадан өрт чыкты. Бул тууралуу күбөлөр билдирди.
Алардын айтымында, окуя кечээ, 15-апрелде болгон.
Ал эми ӨКМдин маалыматына караганда, М.Аматов көчөсүндөгү №3 даректин жанында, жол жээгинде токтоп турган унаадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 19:43тө 1 бөлүм тартылган. Өрт саат 19:59да толук өчүрүлгөн.
Жабыркагандар жок.