Turmush — Жети-Өгүз районунда быйыл дан эгиндери көп көлөмдө эгилет. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Жети-Өгүз райондук агрардык өнүктүрүү бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, район боюнча жалпы айыл чарба багытындагы айдоо аянты 43 миң 327,1 гектарды түзөт. Анын ичинен 38 миң 520,4 гектары сугат жер болсо, 4 миң 806,7 гектары кайрак жер болуп саналат.
Быйыл район аймагында жалпы 17 миң 696 гектар аянтка дан эгиндери, 4 миң 130 гектарга картошка, 960 гектарга жашылча, 1 миң 350 гектарга силоско жүгөрү эгүү пландалган. Мындан тышкары 15 миң 959,4 гектар жерге көп жылдык чөп, 2 миң 682,4 гектарга алма бак өстүрүү каралган.
2026-жылдын жаз айларында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фондусу тарабынан Жети-Өгүз районуна 1 литри 74 сомдон жалпы 200 миң литр дизелдик отун квотасы бөлүнгөн. Бул көлөм айыл аймактарындагы айдоо жерлеринин аянтына жараша бөлүштүрүлүп, жазгы талаа иштерин жүргүзүүгө пайдалануу үчүн сатылууда.
Ошондой эле район аймагындагы 3 үрөн чарбасы аркылуу жеңилдетилген баада, дотациянын негизинде арпа, буудай жана картошканын үрөндөрү сатыкка чыгарылган. Жалпы көлөмү 144 тоннаны түзгөн үрөн дээрлик толугу менен дыйкандарга таратылып бүттү.