Turmush — «Тарых инсаны» рубрикасынын кезектеги каарманы — Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунан чыккан балбан, коомдук ишмер Абдыманап Кыдырша уулу. Тогуз-Торо райондук тарыхый этнографиялык музейдин илимий кызматкери Асел Калматова райондун 90 жылдыгына карата тарых инсандары тууралуу баяндамаларды жасап жатышканын Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди.
Асел Калматованын айтымында, райондук «Жеңиш-Туусу» гезитине 1991-жылдын 28-май күнү Абдыманап Кыдырша уулу тууралуу «Абдыманап баяны» аттуу макала жазылган.
«Ошонун негизинде эч өзгөрүүсүз баяндама жасадым. Анткени быйыл Тогуз-Торо району түзүлгөнүнө 90 жыл толду. Ушул 90 жылдыкка карата райондун өсүп-өнүгүүсүнө, түптөлүшүнө зор салымдарын кошкон инсандарды, коомдук ишмерлер тууралуу, тарых инсандарын эскерүү иретинде, алардын өмүр жолу, эмгектери жана эрдиктери тууралуу баяндамаларды жасап жатабыз», - деди Калматова.
Абдыманап ким болгон?
Абдыманап Кыдырша уулу 1909-жылы Киров атындагы колхоздо туулган. 1930-1942-жылдары Киров колхозунда эсепчи, райондук финансы бөлүмүнүн башчысы болуп, 1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. 1945-1949- жылдары Көк-Ирим айылдык кеңешинин төрагасы, 1949-жылы Киров атындагы колхоздун төрагасы, 1959-жылы ферма башчысы болуп иштеген. Атактуу балбан, 1938-жылы сталиндик репрессияга кабылган коомдук ишмер болгон.
Ал айылдарды ирилештирүүгө, чарбанын экономикасын көтөрүүгө зор салымын кошкон. Республикалык, облустук мелдештерде 40тан ашык күрөшкө, 30га жакын эр эңишке түшүп, бардыгында жеңишке ээ болгон. Тогуз-Торо өрөөнүнөн чыккан Жаркынбай, Жумгалдан чыккан Акмурут, Оштон чыккан Биримкул аттуу белгилүү балбандарды жеңгендиги менен элдин эсинде калган. Ал тургай, айтылуу Кожомкул балбандын сынына толуп, батасын алган. Абдыманап Кыдырша уулунун бою 2 метрден ашык, салмагы 130 килограмм болгон экен. Анын кийген чепкени Кыргызстандын тарых музейинен Италияга, андан соң Финляндияга сатылып, дүйнөдөгү алп адамдардын кийимдери турган музейге коюлган.
Ал 1952-жылдан өмүрүнүн акыркы жылдарына чейин колхоздо жылкы ферма башчысы болуп иштеген. Анын эл-жерине жасаган эмгеги жогору бааланып, «Ардак белгиси» ордени жана башка медалдар менен сыйланган. Абдыманап балбан 1967-жылы өзү туулуп-өскөн айылында дүйнөдөн кайткан.
Замандашы, мергенчи Кыргызаалы «Абдыманап балбандын жеңилгенин көргөн эмесмин» деп эскерген.
«Тогуз-Торо өрөөнүндө жашап өтүшкөн атактуу Алп Тобок, Осмон датка, Баракан, Төрөкан, Сардек баатырлар, кийинки көрүнүктүү балбандар Жаркынбай, Абдыманап, Олоңбаш, Мейманбек, атактуу мергендер Кака, Токтаалы дагы-дагы далай атактуу адамдарыбызды жалпы журтчулук азыр эскерип жүрүшөт. Менин токтолоюн дегеним, Абдыманап Кыдырша уулу жөнүндө айткым келет. Абдыманапты көргөн, кошо жүргөн курбулары жаш кезинде бою узун, сымбаттуу, карылуу адам болучу дешет. Кашка-Суу жайлоосунда чоң той болуп, Олоңбаш аттуу балбан «Абдыманаптын күчүн сынап көрөлү» дешип Жумгалдан чыккан Жумаалы деген балбанга салып көрдүк. Аны буйдамга келтирбей көтөрүп урган. Андан кийин атактуу найзакер Сабыр балбанга чыгардык. Ал «сени менен күрөшпөймүн иним, батамды берейин, жаштын күчү өлчөөсүз келет» деп күрөшпөстөн батасын берген. Ошондон баштап Кетмен-Төбөгө, Жумгалга, Кочкорго чейин күрөшкө дагы, эр эңишке да салып жүрдүк. Анын жеңилгенин көргөн эмесмин. Абдыманаптын күчү кыйла эле».
Ал эми Кыргызстан жана Казакстан өлкөсүнүн спорт чебери Мөкүш Карабагышов Абдыманап балбан согушка кетип, ал жактан оор жаракат алып келгендигин эскерген.
«Абдыманап кийиктин, майда жандык малдын жиликтерин майлыкка ороп сындырып, чучугун жегенин көп көргөнмүн. 1940-жылы Бишкекте Кыргызстандан чыккан балбандардын республикалык мелдеши өткөрүлөт. Ага Абдыманап, Жаркынбай, Аккөздөр барышкан. Ошондо, атактуу балбан Кожомкул Абдыманапты сыноо үчүн Москвадан келген Лосев деген балбанга өзү жетелеп чыгып, күрөшкө салган. Аны жыккандан кийин ошол мелдеште Чүй өрөөнүнөн чыккан Кашкабаш, Оштон чыккан Чойбек деген балбандар менен эңишип, жеңип кеткен. Кийин эле жашы 50 дөн өтүп калганда Бишкектен 26 жаштагы Биримкулов деген оштук балбанга эңишке түшүп, алдырган эмес.
Кыскасы, балбан жагынан Тогуз-Торонун даңкын, атагын чыгарууга өз үлүшүн кошкондордун бири эле. Анын боюнун узундугу 2 метрден, салмагы 120 килограммдан ашык болчу. Абдыманапты анча-мынча ат көтөрүп алыска бара алчу эмес. Абдыманап өзү кийип жүргөн төө чепкенин балбандар Калдыбайга, Сейиталыга, Кыйбатбекке күрөшкө түшөрдө үстүлөрүнө жабат. Бирок аларга чепкен сүйрөлүп калган. Кийин ал чапанды Кыргызстандын музейине өткөрүп бергенбиз. Музейде турган жеринен аны көп адамдар таң калып, карап өтүшчү дешет. Азыр Финляндиянын мамлекеттик музейинде сакталып турат деп угабыз. Абдыманап 1942-жылы Улуу Ата Мекендик согушка кетип, оор жарадар болуп келген. Бир нече аскердик медалдар менен сыйланган. 1938-жылы сталиндик репрессияга кабылып, бир жыл репрессияланган», - деп эскерген М.Карабагышов.