Turmush — Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын жаңы мэри Эрк Орозбаев кечээ, 9-апрелде шаар активине тааныштырылды.
Жаңы жетекчини президенттин Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Урмат Самаев тааныштырды.
Президенттин тескемеси менен Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын буга чейинки мэри Келсинбек Бектемиров кызматынан бошотулган. Бектемиров аталган кызматка 2022-жылы июнда дайындалган болчу.
Эрк Орозбаев Нарынбекович 1984-жылдын 2-мартында Кербен шаарында туулган.
Билими:
- 2001-2006-жылдары И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин техникалык системаларды башкаруужана автоматика адистигин бүтүргөн.
- 2016-2018-жылдары КРнын президентине караштуу Мамлекеттикбашкаруу академиясын аяктаган.
Эмгек жолу:
- 2006-2011-жылдары — жеке ишкер;
- 2011-2014-жылдары — «Инвест Трейд» ЖЧКсында сатуу боюнча менеджер;
- 2014-2017-жылдары — «Инвест Трейд» ЖЧКсында коммерциялык директор;
- 2017-2022-жылдары — «Инвест Трейд» ЖЧКсында директор;
- 2018-2021-жылдары — Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаты;
- 2023-2023-жылдары — Жогорку Кеңештин аппаратынын финансылык чарбалык камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы.