Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылынын 2 өспүрүм балбаны эркин күрөш боюнча эл аралык мелдештен байгелүү кайтышты.
Баетов айылынын тургуну Медер Асаналиевдин айтымында, 4-апрелден 7-апрелге чейин Бишкек шаарында эркин күрөштү даңазалоо, өспүрүм балбандардын чеберчилигин арттыруу жана коңшулаш мамлекеттердин өлкөлөрүнүн спортчулары ортосундагы ынтымакты бекемдөө максатында мелдеш уюштурулду. Аталган мелдешке Баетов айылынын «Баетов» спорт клубунун машыктыруучу Азамат Барктабасовдун жетекчилиги алдында 11 өспүрүм балбан катышты.
Натыйжада 44 килограмм салмактагылар арасында Элзар Жумакадыров 1-орунду багындырып, чемпиондук курга ээ болду. Ал эми 32 килограмм салмактагылар арасында күч сынашкан Усман Кожалиев 3-орунду камсыздап, коло медаль тагынды.