Turmush — Бүгүн, 5-апрелде Кара-Балта шаарында катуу жамгырдан кийин Заводская көчөсүндөгү үйлөрдү суу каптады. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.
Алардын айтымында, жаан болжол менен 1 саатка созулду. Бирок бул короолорду каптады. Жаандын суусу жогору жайгашкан Карл Маркс көчөсүнөн түз эле Заводскаяга агып келет. Натыйжада бул көчөдөгү бир нече үй коркунучка туш болуп жатат.
«Бул көйгөй бизде көптөн бери эле бар. Мэриянын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү келишти. «Жардам беребиз» деп убада кылышты. Бирок кырдаал өзгөрбөй жатат. Биздин көчө төмөн жакта, бардык суу ушул жакка агып келет. Башкалардан да төмөн жайгашкан короолор бар. Ал жакта өзгөчө оор. Үйлөрдүн пайдубалы бузулуп, сарайлар жабыркап жатат. Ар бир жаандан кийин челектер менен сууну чыгарабыз, тосмолорду курабыз. Бирок аларды суунун күчү басып кетет», - деди алар.
Күз-жай мезгилинде бакчалар сазга айланып, туруктуу нымдуулук чарбалык курулуштарга жана үйлөргө зыян келтирет. Эл бир нече жолу ар кандай мекемелерге арыз менен кайрылышкан. Убада кылынган чаралардын катарында септиктерди куруу жана сууну чыгаруу үчүн арык системасын калыбына келтирүү айтылган.
Шаардык мэриядан билдиришкендей, тургундардын кайрылуусу кабыл алынып, кароо жана чара көрүү үчүн тиешелүү кызматтарга жиберилди.