Turmush — Кара-Балта шаарында «Мерседес-Бенц» унаасы менен ээнбаштык кылып жол эрежесин одоно бузган адамдар аныкталды. Бул тууралуу жол сакчылары билдирди.
Маалыматка караганда, бул факты боюнча Жайыл районун жол тескөөчүлөрү тарабынын айдоочулар аныкталып айдоочуларга ар бирине 15 миң сомдон жалпы 45 миң сом айып пул салынды. Унаа айып короого токтотулду.