Turmush — 2026-жылдын 30-мартында социалдык тармактарда Ош шаарынын тургуну автоунаасын тергөөчүлөр кайтарып бербей жатканын айтып, видео кайрылуу жасаган. Милиция бул жагдай боюнча түшүндүрмө берди.
Ош ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2025-жылдын 3-августунда Кара-Суу РИИБге З.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ал өзүнө таандык «Kia Rio» үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз жаран сатып алуу максатында текшерип көрүү үчүн айдап кетип, кайра кайтып келбей койгондугун билдирген.
Бул факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлгөн.
Тергөө учурунда аталган автоунаа видео кайрылуу жасаган жаран Дж.А. баш болгон бир нече адамдын ортосунда ар кандай жагдайларда сатылып, кайра алынганы аныкталган.
Ошондой эле тергөө амалдарынын жүрүшүндө Дж.А.га айыбы угузулуп, тараптар өз ара жарашканы эске алынып, кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылды.