Turmush — Чүй облусунун Москва районундагы суу сактагычтардын бирине ак куулар байырлап калды.
«Суу сактагычка болжол менен 8-9 ак куудан турган топ келип конду. Бирок бул жазгы көч маалында кадимки эле көрүнүш. Биздин суу сактагыч чакан, ал “Спартак” аттуу чоң суу сактагычтын жанында жайгашкандыктан, бул жакка өрдөктөр, каздар жана ак куулар сыяктуу ар кандай сууда сүзүүчү куштар эс алып кетүү үчүн байма-бай учуп келишет. Бирок бул жолу ак куулар эс алып эле кетип калууга шашылган жок. Бир жумадан бери алардын ушул жерде азыктанып жүргөнүн байкап жатам. Балким уя салып, кийин балапан да чыгарышы мүмкүн. Азырынча аларды сырттан гана байкап, тынчын албоого аракет кылып жатам. Ошондуктан суу сактагычтын так жайгашкан жерин айткым келбейт. Кызыккандар көбөйүп кетсе, менин сулууларымды үркүтүп алышы мүмкүн», - деди суу сактагычтын ижарачысы Евгений Маслов.