Turmush — Бүгүн, 31-марттаа Балыкчы шаарынын прокуратурасында ишкерлер менен жолугушуу өткөрүлүп, анда президенттин 2026-жылдын 28-январындагы жана 2026-жылдын 14-мартындагы жарлыгынын талаптары түшүндүрүлдү.
Маалым болгондой, ага шаардагы чакан жана орто бизнес өкүлдөрү, салык кызматынын жана мэриянын жетекчилери катышты. Жолугушуунун негизги максаты ишкерлерди текшерүүлөргө киргизилген убактылуу тыюу (мораторий) боюнча маалыматтандыруу жана анын аткарылыш тартибин түшүндүрүү болду.
Жарлыкка ылайык, 2026-жылдын 31-декабрына чейин белгиленген тартипте ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө жана иш алып барган ишкердик субъекттерине карата пландан тышкаркы салыктык текшерүүлөргө мораторий киргизилген. Бул чара ишкерлерди колдоо, административдик басымды азайтуу жана бизнес чөйрөнү жакшыртуу максатын көздөйт.
Жолугушууда шаар прокурору Айдар Сыдалиев жарлыктын талаптары, ишкерлердин укуктары жана коргоо механизмдери тууралуу түшүндүрмө беришти. Ал эми шаардык Салык кызматынын башчысы Алтынбек Байгазиев салыктык текшерүүлөрдүн тартиби жана мораторий учурундагы өзгөчөлүктөр боюнча маалымат берди. Иш-чаранын жүрүшүндө ишкерлер өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышып, мамлекеттик органдар менен ачык диалог түзүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
Жыйынтыгында мындай жолугушуулар ишкерлердин укуктарын коргоону күчөтүүгө жана мамлекеттик органдар менен бизнестин ортосундагы өз ара ишенимди бекемдөөгө багытталган маанилүү кадам экени белгиленди.